Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:30

Жоомарт Кадыралиев: Ыр адамды тазартат


"Эсимде", Жоомарт Кадыралиев тарткан сүрөт.
"Эсимде", Жоомарт Кадыралиев тарткан сүрөт.

Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат демекчи, калк ичинде ар кыл таланттуу адамдар кездешет.

Кыргыз эл сүрөтчүсү, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси Жоомарт Кадыралиев сүрөтчүлүк кесиби менен обончулук, аткаруучулук өнөрдү айкалыштырып келет.

“Эсимде” сүрөтүнөн жаралган “Кыялымда”




- Боз кыроо түшкөн күнү келгин кайтып,
Кайткан соң каркылар тизмек тартып.
Мен сага баргым келет, көргүм келет,
Мен жамгыр болуп жааган терезеңден.

Мен сага алыс калган ал жылдардан,
Мен сага обон болуп барып-келем.
Мен сага алыс калган жаштыгымдан,
Мен сага ырым болуп бара берем.


Бул “Кыялымда” деген ырды Кыргыз эл сүрөтчүсү Жоомарт Кадыралиев 1987-жылы улуу талант Сүймөнкул Чокморовдун өнөрканасында “Эсимде” деген өзүнүн өмүр таржымалын камтыган картинасын тартып жатып, ырдын обонун да, сөзүн да жазып, ырдап чыгат.

Жоомарт Кадыралиев
“Эсимде” деген сүрөттөгү жигиттин образы Сүймөнкул Чокморовдун образы аркылуу берилген. Сүрөттө көрүнбөгөн балалык кездеги эңсөө, байчечекей сүйүү, жаштыктын аруу сезимдери ыр менен толукталды, дейт сүрөтчү.

- Чыгармачыл адам катары “Эсимдедеги” сүрөт аркылуу ой толук чыкпай калгандан кийин, кудайдын буйругу менен обон аркылуу жеткирдим деп ойлойм. Сүрөттүн мүмкүнчүлүгү чектелип, сүрөт бере албаганды обон, сөз алып чыкты окшойт. Мына андан бери 23 жыл өттү. Биринчи төл башым ушул “Кыялымда” деген ыр.

Кыл калемден бошогондо комуз кармап

Жоомарт Кадыралиев айрым мезгилде күн болобу, түн болобу, сүрөт тартып жатканда же уйку-соонун арасында обондун кайрыктары өзүнөн-өзү келип, жан дүйнөнү ээлеп алып, анын артынан ыр саптары жараларын, кээ бирде күүнүн кайрыктары көөдөнүндө уялап, андан соң комузга түшүрөрүн айтты.

Анын “Шумкар уя”, “Шер баян” деген күүлөрүн Кыргыз эл артисти, белгилүү дирижер Эсенгул Жумабаев нотага түшүрүп, партитурасын жаздырып, “Камбаркан” эл аспаптар оркестринде аткартып чыккан.

Ошол “Шумкар уя” күүсүн чертип жатканда автор кыялында улуу тоолордун кырында, аска-зоолордун арасында жүргөнсүп кетти.



Ырдын касиети

"Манас" эпосу боюнча композиция
Жоомарт Кадыралиев 10 жашында Октябрь майрамында Ашыралы Айталиевдин “Жылкычынын ыры” деген ырды сарыбулактыктардын алдында ырдап чыгып, "чыгармачылык тушоом ыр менен кесилген" деп эскерди.

Ал өнөр жуп болуп келерин, ыр жүрөгүнө жакын экенин, жакшы ырдап алса дубаланып, тазаланып каларын белгиледи.

- Адам баласы азыр жер жүзүндөгү технократиядан, урбанизациядан, экспанциядан, саясаттан тажады. Адам баласында дене бар, жан анан кан бар. Мунун баары чарчайт, чаңкайт суусайт. Ар бир адам жакшы обонду, жакшы кайрууну угуш керек. Азыр колдон келсе элди ыр менен дарылап, көңүлүн ыр менен өстүрүп, көкөлөткөндө ар бир кыргыз баласына, карысы болобу, жашы болобу канат бүтүп калат.



Сени эстеп сагынганда бук толуп,
Ырга айланып кетким келет нур болуп.
Караныңдан кагылайын Ата-Журт,
Кыргызстаным, сен кутманым ардагым.

Жоомарт Кадыралиев бул “Арноо” деген ырын жакында чыгарды. Нотага түшүрүп, мыкты ырчы, оркестр менен эл алдына алып чыксамбы деген ою бар экен.

Ал ыр адам баласын өмүр бою коштоп жүрөрүн, ырда касиеттүү обон, үн, сөз бар экенин – бул адамдын жан дүйнөсүн тазалап, чалыкканда дем берерин белгиледи.

Комуз менен домбура эгиз

Жоомарт Кадыралиев комузда кандай кол ойнотуп күү чертип, обон чыгарса, казактын домбрасын да комуздан кем чертпейт. Ал Сүймөнкул Чокморовго арнап домбра менен обон чыгарган.



Ал домбраны Казакстандагы белгилүү сүрөтчү, досу Амандас Аканаевден белекке алып, обондорун домбрага салып, комуз менен тең алып жүрөт.

Кыргыз эл сүрөтчүсү, III даражадагы "Манас" орденинин, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси Жоомарт Кадыралиев 1946-жылы 18-июлда Чүйдүн Жайыл районундагы Сары-Булак айылында жарык дүйнөгө келген. Бала кезинен энесинин бешик ырын, күүгүмдө эс алуу маалында ырдаган айылдаштарынын, атасынын ырын угуп чыгармачылык жан дүйнөсү ойгонот.

Бишкектеги (Фрунзе) сүрөт окуу жайында атактуу сүрөткерлер Сагынбек Акылбеков, Жакүл Кожакметов, Алтымыш Усубалиевден таалим алып, аны 1966-жылы бүтүрөт. Билимин Москвадагы В.И.Суриков атындагы сүрөт институтунда улантып, ал жерде атактуу сүрөтчүлөр Александр Мызин, Клавдия Треволь ага сабак беришет.

1968-жылдан бери сүрөт көргөзмөлөрүнө үзбөй катышып келет. Анын “Эсимде”, “Туулган жер”, “Репрессиянын курмандыктарына эстелик”, “Кош бол, Алымкан” жана башка ондогон чыгармалары кыргыз сүрөт өнөрүндө бараандуу орунда турат.

Жоомарт Кадыралиев
1995-жылы “Манас” эпосунун 1000 жылдыгына карата Таластагы "Манас" ордодогу этнографиялык комплексинде музейдин монументалдык жасалгасын зор чеберчиликте жараткан.

Живопись, монументалдык өнөрдүн чебери “Манас” эпосун терең изилдеп, анын негизинде кыргыз элинин тарыхый жашоо турмушун, салт-санаасын, баатырдыгын, жаратылышын камтыган көлөмдүү эпопеясын түзө алды.

Учурда анын өнөрканасында Манас баатыр, даанышман Бакай, Хан Кошой баштаган кырк чоронун айкелинен турган комплекстин макети 15 жылдан бери ишке ашпай, колдоо таппай турат.
XS
SM
MD
LG