Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:32

Июнь калабасында дарыгерди өлтүргөн адам өмүр бою эркинен ажыратылды


Кара-Суу райондук соту июнь калабасында Ош облустук балдар ооруканасынын дарыгери Касымбек Жусупакматовду өлтүргөн деп айыпталып жаткан Октамжан Сулаймановду мүлкүн конфискациялоо менен өмүр бою эркинен ажыратты. Сот ошондой эле анын эсебинен маркумдун жакындарына 500 миң сом бөлүп берүүнү чечим кылды.
Сотто айыпталуучу күнөөсүн мойнуна алды. 44 жаштагы Октамжан Сулайманов мурда соттолгон эмес. 16-июнда Ош облустук балдар ооруканасынын дарыгери Касымбек Жусупакматовду белгисиз бирөөлөр күч менен алып кетишкен. 30-июнда Өзбекстандын Анжиян облусунун аймагынан табылган бир нече өлүктүн ичинен К. Жусупакматовдун сөөгү аныкталып, дарыгер башына жана көкүрөгүнө жеген октон курман болгону тастыкталган.

Жайдагы коогалаңга байланыштуу козголгон кылмыш иштери боюнча шектүү делип 300 киши кармалган. Алардын 268и убактылуу кармоо жайында жатат. Июнь окуялары учурунда мерт болгон 429 кишинин денеси табылган. Учурда жакындарын жоготкондордон 127 арыз келип түшкөн. Азыр 38 киши дайынсыз жок болууда. (ZKo/ErN)

XS
SM
MD
LG