Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:11

Грузия: коррупция азайды, ага кошо демократия да азайды


Экономикалык кризис көңкү дүйнөдө, анын ичинде Батышта да коррупциянын күч алышына алып келди. Ошол эле учурда алкымы бузуктардын араанын тыйганга жетишкен өкмөттөр болду. Алардын бири катары Transparency International уюму жарыялаган "Коррупциянын глобалдык барометринде" Грузия аталат.

Грузияда суралгандардын 78 проценти коррупциянын деңгээли төмөндөп баратканы кадимкидей байкала баштаганын айтышкан, 77 проценти өкмөттүн бул багыттагы ишин "майнаптуу" деп баалашкан. Муну "Азаттыктын" кабарчысына Тбилисинин тургундары да ырасташты.

"Абал чын эле жакшырып калды, -деп айтты алардын бири. – Жол кыймылын күзөткөн полиция офицерлери пара алганын акыркы кезде көрө элекмин. Атүгүл машинамдын жарылып калган дөңгөлөгүн акысыз эле алмаштырып беришти. Мындан артык эмне керек?"

Грузиядан айрымаланып, анын коңшулары Азербайжан менен Арменияда өкмөттүн бул чөйрөдөгү ишине ичи чыкпагандар калктын теңинен көбүн түзөт. Бийликтердин коррупцияга каршы көрүп жаткан чараларына алымсынгандар Россияда 24 процентке араң жетет. Ал эми Литвада бул көрсөткүч андан да жогору: суралгандардын 78 проценти кулкуну жамандарга өкмөт таасирдүү арга таба алган жок деп эсептейт.

Transparency International уюмунун аналитиги Матиас Хутер Грузиянын көрсөткүчтөрүн экс-советтик республикалар менен салыштырганда чын эле ири ийгилик катары баалады. "Бул жерде соңку бир жыл ичинде ким бирөөгө пара бердим дегендердин саны өтө төмөн – болгону үч процентке жетет. Мындай абал аталган аймак үчүн чын эле шүйшүнө турган көрсөткүч",-дейт Хутер.

Жакында дүйнөлүк банк, Европадагы кайра куруу жана өнүктүрүү банкы да бизнес үчүн өлкөдө жакшы жагдай түзгөнү үчүн грузин өкмөтүн макташкан эле.

Transparency International уюмунун жаңы докладындагы жакшы апаздар Грузиянын демократия чөйрөсүндө төмөндөп кеткен аброюн көтөрө алар-албасы белгисиз. Freedom House демократиянын индекстери жагынан Грузияны жакында Шеварднадзенин тушундагы абалдан да кыйла керагар кетти деп баалаган эле.

Жергиликтүү байкоочулар да майда коррупцияга кемээч салынганын куттукташып, ошол эле учурда социалдык бул илдеттен өлкө али тазаланып кеткен жок дешет. Саясий партиялар, сот системасы реформаланып бүтө элек.

Мындан тышкары өлкөдө кланчыл капитализм түптөлө баштады, өкмөттүн ички чөйрөсүндө жең ичинен жасалып жаткан иштердин баары коомчулуктун көзүнөн далдаа калды. Башка бир сынчылар өкмөт негизинен телеканалдарды колго алды, алар аркылуу коррупция чөйрөсүндө өзүн элге жакшы кылып көрсөткөнгө жетишти дешет.

"Либерал" журналынын башкы редактору Шорен Шавердашвили калктын 85 процентке жакыны жаңылыктарды негизинен телеканалдардан аларын, өз зоболосун бекемдөө жагынан президент Михаил Саакашвилинин кеңсеси аларды өтө мыкты пайдаланганын бышыктады.

Деген менен майда коррупция фактылары жазасыз калбайт. Адал жашоо тарыйкасы коомго акырындап тамырын жайып, өзүнчө бир маданиятка айланып баратат. Калк Саакашвили бийликтен кеткен күндө деле эми эски жолойго кайтып барары күмөн болуп калды.

"Мурда чын эле пара бермейинче иш бүтчү эмес, паспорт алганы деле, мисалы, акча бергенге туура келет эле. Анык тозок болчу, кеңседен кеңсеге кирип, он чакты адамдын алдынан өтүшүң керек эле. Бюрократия ушунчалык азап салчу. Мамлекеттик мекемелерде азыр коррупция азая түшкөнү, албетте, калетсиз көрүнүш",-дейт Шавердашвили.

XS
SM
MD
LG