Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Сингапурга иш сапары менен барды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирет. Маалыматка караганда, иш сапар Сингапурдун тышкы иштер министри Жорж Йонг-Бун Еонун чакыруусу менен болду. Сапар учурунда Руслан Казакбаев Сингапурдун премьер-министри Ли Сян Лун, парламент төрагасы Абдулла Тармуги, тышкы иштер министри Жорж Йонг-Бун Ео менен жолугушмакчы. Иш сапардын негизги максаты эки тараптуу кызматташтыкты күчөтүү, мамлекеттеги реформаларды жүргүзүүдө жана экономиканы өнүктүрүүдө Сингапурдун тажрыйбасын үйрөнүү жана мамлекеттин жетекчилеринин деңгээлинде жолугушууларды уюштуруу болууда. Ошондой эле министрдин иш сапары учурунда Сингапур менен Кыргызстандын парламенттери ортосунда байланышты түзүү маселеси каралмакчы. (IJz)