Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:06

Иран: Моттакиге cанкциялардын салакасы тийди


Иран - Өлкөнүн кызматтан алынган тышкы иштер министри Манучехр Моттаки жана анын ордуна дайындалган Али Акбар Салехи (оңдо).
Иран - Өлкөнүн кызматтан алынган тышкы иштер министри Манучехр Моттаки жана анын ордуна дайындалган Али Акбар Салехи (оңдо).

Иран президенти Махмуд Ахмединежад өткөн жекшемби күнү капыстан эле тышкы иштер министри Манучехр Моттакини кызматтан алып салды. Анын ордуна Али Акбар Салехи - өкмөт башчысынын жакын санаалашы, өлкөнүн атом мекемесинин башчысы – убактылуу мөөнөткө дайындалды. Президенттин бул чечими өлкөнүн ич-тышында аркы-терки сөздөрдү чыгарды.

Манучехр Моттаки - кесипкөй дипломат, учурунда Ирандын Түркиядагы элчиси болуп иштеген, өлкөнүн атом программасына байланыштуу сүйлөшүүлөрдө далай жыл Тегерандын делегациясына жетекчилик кылып жүргөн. Улуту урду, англис, түрк жана башка бир нече тилде эркин сүйлөйт. Ал өзүнүн кызматтан алынганын Сенегалда жүргөндө укту. Эмнеден жазганын, бу чечимдин себеп-жөнүн ага Тегеранга кайтып келгенде да түшүнтүп беришкен жок.

Эксперттер бир нече жоромолду айтышты. Баарыдан мурда алар Моттакинин ордуна Ахмединежад өзүнүн жакын санаалашы, өлкөнүн башкы атомчусу Али Салехини койгонуна көңүл бурушту. Салехи атом программасын өзгөчө жактаган "кыргыйлардан". Эми ал дымып жаткан дымактарын тышка чыгарышы ыктымал дешет.

Бирок мындай жосмолду тышкы иштер министрлигинин өкүлү Рамин Мехманпараст жокко чыгарды. "Биздин өлкөнүн атом саясатында кандайдыр бир өзгөрүштөр болот деп ойлобойм. Сүйлөшүүлөр стратегиясы да өзгөрбөйт. Адатта мындай маселелер жогорку деңгээлде чечилет, министрлик болгону ошол чечимди гана ишке ашырат", -деп айтты министрликтин өкүлү.

Байкоочулар мындан тышкары Ахмединежад менен Моттакинин ортосунан биринчи ирет 2005-жылдагы шайлоодо "кара мышык" чуркап өткөнүн эстешти. Моттаки ошол шайлоодо Ахмединежадга башкы атаандаш болгон Али Ларижаниге сүрөөнчүлүк кылган. Азыр Ларижани межилистин раиси. Парламентте болсо ушу тапта Ахмединежаддын "канатын кыркканга" кызыккан консерватор-прагматиктер көп.

Шотландиядагы Сент-Эндрюс университетинин профессору, иран маселелери боюнча эксперт Али Ансари президент чын эле парламентке курушкан куйкасын Моттакиден чыгарган болушу керек деп болжолдойт. "Буга межилис эми кандай мамилесин билдирет – ушу жагы кызык, анын үстүнө Моттакинин ордуна келе турган адамды да депутаттар бекитет", -дейт ал.

Межилистин улуттук коопсуздук жана тышкы саясат комитетинин мүчөсү Хешамтолла Фалахатпишен депутаттар бул маселе боюнча президенттен түшүндүрмө күтүп жатканын айтып, Моттакинин чет жакта жүргөндө кызматтан алынганын "арттан бычак сайган" ишке теңештирди.

Атүгүл аятолла Хаменеинин өз кишиси саналган Хосейн Шариатмадри да өзүнүн "Кейхан" гезитинде Моттакинин тымызын ыкмада жумуштан бошотулганын "салтка сыйбаган жорук", "кордоо" деп баалады.

Ахмединежад былтыр чет өлкөлөргө өзүнүн атайын өкүлдөрүн дайындоону чечкен эле. Буга Моттаки каршы болуп, мындайда дипломатиялык теңтайлаш структура түзүлөрүн эскерткен. Анын сөзүн жогорку лидер Хаменеи колдоп, президенттин планы ойрон болгон. Көп өтпөй өкмөт башчынын тарапкерлери Батыштын дипломатиялык кысым-кыйгактарынан өлкөнү жакшылап коргой албай жатат деп тышкы иштер министрин, ал жетектеген мекемени айыптай башташкан.

Израилдеги экономика жана саясий анализдер борборунун кызматкери, теги ирандык эксперт Мейир Жаведанфар бул иш барып-келип эле Хаменеинин көрсөтмөсү менен жасалганан шек кылбайт. Анткени министрлердин баарын жогорку лидер өзү тандап, парламентке өзү сунуш кылат, президенттин буга куп дегенден башка укугу жок.

"Хаменеи бир болсо бул эки саясатчынын ортосундагы араз күч алып кетпесин деп чочулагандан, болбосо эл аралык санкциялардан улам өлкөнү алды жакта күтүп турган оор кезеңдерге даярдоо үчүн президентке өкмөттү бекемдеп алганга мүмкүндүк бергиси келгенден улам ушундай кадамга барган болушу керек",-дейт ал.

XS
SM
MD
LG