Линктер

жекшемби, 25-июнь, 2017 Бишкек убактысы 18:20

Убактылуу өкмөт өзүн өзү таркаткан декрет кабыл алды


Декретке Убактылуу өкмөт мүчөлөрү 21-декабрдын кечинде “Ала-Арча” резиденциясында кол коюшту. Бул тууралуу “Азаттыкка” Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Азимбек Бекназаров билдирди. Ал мындан сырткары 8 айда жасаган иштер боюнча отчет угулуп, жактырылганын кошумчалады. Эми ал отчет массалык маалымат каражаттары аркылуу жалпы коомчулукка жарыяланат. “Легитимдүү бийлик келгенден баштап биз ишибизди токтотобуз деген убадабызды аткардык”, - деди А.Бекназаров. Убактылуу өкмөттүн соңку декретин кабыл алууга Болот Шерден башка бардык мүчөлөрү катышты.

2010-жылдын 7-апрелинде мурдагы президент Курманбек Бакиев бийликтен кулатылган соң, 14 адамдан турган Убактылуу өкмөт түзүлгөн. Ошол күндөн тартып алар жоопкерчиликти алып, декреттер аркылуу мамлекетти башкарууга киришкен. (КЕ)

XS
SM
MD
LG