Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:29

Парламент мугалимдердин айлыгын көтөрүү маселесин кароодо


Билим берүү жана илим министри Канат Садыков Жогорку Кеңеште мугалимдердин айлыгын жогорулатуу боюнча жасалган иш-аракеттер тууралуу маалымат берди. Анын маалымдашынча, тиешелүү министрликтин өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ маянаны көтөрүү боюнча төрт варианттын ичинен бирөөсүн тандап алды. Ага ылайык, буга чейин мугалимдердин айлыгына киргизилген кошумча 12 ар кандай төлөм жоюулуп, мугалимдер айлыгы 4-5 категорияда өлчөнөт. “Мугалимдер буга чейин айлык акы 15-10 миң сомдон кем болбошун талап кылып жатышкан, азыр болсо орто айлык деңгээлинен кем болбосун деп айтып жатышат”, - дейт министр. Орточо айлык 6800 сомду түзөт. Министр эгер бюджеттен мугалимдердин айлыгын көтөрүүгө каражат табылса, талаптар толугу менен 1-марттан тарта аткарыларын, ага чейин мугалимдер макул болсо 30 пайызга жогорулатылып турарын билдирди.

Соңку учурда маянанын көтөрүлүшүн талап кылган өлкө мугалимдери жер-жерлерде нааразылык акцияларды өткөрүшкөн, маселени чечүү үчүн өкмөткө убакыт берип болбосо жапырт иш таштоо болоорун эскертишкен. Мугалимдер 30 пайыз жогорулатууга макул болбой жатышат. (EBM)

XS
SM
MD
LG