Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:05

2011-жылы дүйнөлүк экономика өсөбү же өчөбү?


Дүйнөлүк экономиканын маселелерин Чоң жыйырманын тобуна кирген өлкөлөр акыркы ирет ноябрда Түштүк Кореядагы саммитте талкуулашты. 11-ноябрь, 2010-жыл, Сеул.
Дүйнөлүк экономиканын маселелерин Чоң жыйырманын тобуна кирген өлкөлөр акыркы ирет ноябрда Түштүк Кореядагы саммитте талкуулашты. 11-ноябрь, 2010-жыл, Сеул.

2011-жыл дүйнөлүк экономикага эмне бериши мүмкүн? Элдин көбү сактоочу валюта катары колдонгон доллардын кубаты артабы же нарксызданабы?

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун Вашингтон менен Прагадагы кабарчылары Хизер Махер (Heather Maher) жана Жереми Бранстен (Jeremy Bransten) 2011-жылы глобалдык экономикада кандай жараяндар күтүлөрү боюнча божомолун сурап, Эл аралык валюта корунун мурдагы башкы экономисти, азыр Массачусетс технология институтунун профессору Саймон Жонсонго (Simon Johnson), Карнеги – Меллон университетинин экономика боюнча профессору Аллан Мельцерге (Allan Meltzer) жана британиялык эксперт, “Capital Economics Ltd” деген компаниянын аткаруучу директору, Лондондо чыгуучу “Дейли Телеграф” гезитинин баяндамачысы Роджер Бутлга (Roger Bottle) кайрылышты.

“Эркин Европа/Азаттык”: 2011 - жылы дүйнөнүн ири өлкөлөрүнүн экономикасында кайра жандануунун кубаты арта баштайбы же алар рецессиянын кыска өсүштөн кийин келүүчү кийинки түрүнө кабылышабы?

Саймон Жонсон: Мен өндүрүштүн көлөмүн түшүрүүчү кош кабат рецессия болот деп ойлобойм, бирок менимче Европанын экономикасы кыйынчылыкка кабылат. Менимче, бул чөлкөмдө кризистин экинчи айлампасы болот, балким жазында жана бул өз кезегинде дүйнөлүк экономиканы да төмөндөтөт. Андыктан экономикадагы кайра жандануунын ыргагы жогору болбойт, жумушсуздук бүткүл дүйнө боюнча чоң көйгөй бойдон калат.

Роджер Бутл: Менимче, боло турган нерсе - экономикадагы өсүштүн бир аз төмөндөөсү. Анткени менимче, Европа кризиске бара жатат. Мен ошондой эле өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдөн деле экономиканын өсүү ыргагы соңку кездери кездешкендей жогору болушу үчүн көп деле мүмкүнчүлүктөрдү байкаган жокмун.

Аллан Мельцер: Менимче алдыга жылуу, кризистен абдан катуу жапа чеккен АКШ менен Европада бар экени анык, бирок ал АКШда өтө жай ыргакта кетүүдө. Жумуш менен камсыздоо жагы тез эле жанданып кетерин күтүүгө болбойт. Жумушчу орундардын көпчүлүгү курулуш чөйрөсүндө жоюлду. Базарда сатылбай жаткан үйлөрдүн үлүшү али чоң болгондуктан бул тармактагы жандануу абдан жай жүрүп жатат.

Доллардын келечеги

“Эркин Европа/Азаттык”: Еврону колдонгон өлкөлөрдөгү экономикалык проблемаларды эсепке алганда, 2011-жылы доллардын кубаты артабы же кайра алсырайбы?

Аллан Мельцер: Узак мөөнөттөн алганда доллар төмөндөйт. Ал эми бир же эки ай менен караганда, бул көп факторлорго көз каранды болгондуктан жөндүү божомол жасоо мүмкүн эмес. Бирок менимче, Европадагы проблемалардан улам европалык валюталар алсырагандыктан доллар орточо деңгээлде гана төмөндөгөнү байкалды.

Саймон Жонсон: Евронун нарксыздануусу жана еврозонадагы проблемалар, албетте, долларга жардам берет. Испания, Италия же Бельгия сындуу өлкөлөрдөгү проблемалардан улам адамдар,албетте, долларды өз акчаларын сактоочу валюта катары карашат. Бирок узак мөөнөттөн алганда доллардан өз проблемалары көп. Кошмо Штаттардагы фискалдык саясат жоопкерсиздик менен уланууда, эгер евро ишенимге кайрадан арзыса эле адамдар доллардан чыгып, башка валюталарга көчүшү мүмкүн. Убакыт өткөндөн кийин бул долларды алсыратат.

Роджер Бутл: Менин шегим мындай, эгер менин еврозона кайталанма каржылык кризиске кириптер болот деген божомолум туура чыкса, менимче, доллар чыңдалат.

Алтындын баасы жаңы жылда да асмандайбы?

Алтын баасы 2010-жылы 25%дан ашуунга кымбаттады.
“Эркин Европа/Азаттык”: Алтын жана чийки заттар баасынын кымбаттоосу уланабы?

Саймон Жонсон: Баалуу металлдарга карата суроо-талап таптаза чайкоочулуктун жана түрдүү кооптонуулардан улам жаралып жаткандыктан, баалуу металлдар эмне болорун болжолдоо кыйын. Өндүрүштө керектелүүчү чийки заттарга суроо-талап жогору бойдон калат. Кытай, Бразилия, Индия, Орусия сындуу өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө өсүш уланып жаткандыктан, чийки заттардын баасы жөнүндө да алдын ала бир нерсе айтуу кыйын. Ал эми жалпысынан, менимче, чийки заттарга карата суроо-талап, аны менен бирге дүйнөдө өндүрүлүп, сатылып жаткан чийки заттардын көлөмү өсүп жатканына карабай, алардын наркы тез эле көтөрүлүп, кайра түшүп турат.

Аллан Мельцер: Менимче, мында узак мөөнөттөн алгандагы жалпы проблема – АКШда инфляция талаптагыдай көзөмөлдөнбөй жатканы. Андыктан доллар нарксызданса, чийки заттардын баасы көтөрүлөт. Мисалы мунайдын баасы доллардын курсуна байланган. Доллар түшөр замат, мунай баасы көтөрүлөт. Анткени мунай сатып жаткан адамдар реалдуу баа анын номиналдуу өлчөмүндө эмес, мына ушул маселеде жатканын билишет.

Роджер Бутл:
Эгер менин дүйнөдө экономиканын кайра жандануусу жай кетет деген божомолум туура болсо, менимче, бул чийки заттардын баасы төмөндөшүнө алып барат. Ушул эле нерсе алтын баасына да тиешелүү болот деген оюм бар. Алтын баасы абдан секирди. Албетте ал дагы өсөт деп эсептегендер бар. Бирок мынчалык бийик кеткен соң, эгер мен жылдын кайсыл бир мезгили үчүн алтын баасын белгилөөгө мажбур болсом, мен ылдыйраак баа коймокмун.

P.S. 2010-жылдын 30-декабрында алтындын бир уницийи эл аралык базарда 1412 долларга чейин чыкты. Бир жыл ичинде алтын баасы 25%дан ашуунга кымбаттаган.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG