Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:52

Күн тартибинде - грек "трагедиясы"


Берлин -- Брюсселге жөнөр алдында канцлер Ангела Меркел бундестагда сөз сүйлөп, Афинага жардам көрсөтүүгө эл аралык валюта корун тартуу керектигин билдирди. Бул идея еврочиновниктердин көбүнө жаккан жок.
Берлин -- Брюсселге жөнөр алдында канцлер Ангела Меркел бундестагда сөз сүйлөп, Афинага жардам көрсөтүүгө эл аралык валюта корун тартуу керектигин билдирди. Бул идея еврочиновниктердин көбүнө жаккан жок.

Брюсселде бүгүн Евробиримдиктин лидерлери жазгы жыйынга чогулду. Күн тартибинде гректердин кризиси негизги тема болот. Ушул эле маселени түштөн кийин евронун аймагына кирген он алты өлкө да өзүнчө талкуулайт.

Европа биримдигине кирген өлкөлөрдүн жогорку жетекчилиги өздөрүнүн жазгы жыйынында адатта экономиканын келечегин кеп кылып, стратегиялык ойлорун ортого салышат эле. Бул жолу аларга, журналисттер айткандай, грек "трагедиясын", анын экономикалык, атүгүл саясий салакаларын талкуулаганга туура келет. Бу маселе эки айдан бери еврошаркеттин чоң "баш оорусуна" айланды.

Афинадагы өкмөттүн мамлекеттик карыздары ушу тушта 300 миллиард еврого жетти, өлкөдөгү жылдык дүң өндүрүштүн көлөмүнөн бул алда канча көптүк кылат. Ошол эле өндүрүштүн көрсөткүчүнөн алганда бүжет тартыштыгы былтыр 12,7 процентти түздү, б.а. еврошаркеттин стабилдүүлүк Пактысында акыркы чек катары аныкталган деңгээлден төрт эсе ашып кетти. Гректер иш жүзүндө мамлекеттик банкротчулуктун кырында кылкылдап калды.

Грек кризиси орток валютага – еврого тикелей таасирин тийгизди: соңку он айдын ичинде евро америкалыктардын долларына алып эсептегенде алда канча арзандады. Өткөн күнү бир евро 1 доллар 33 центке бааланды.

Мындан тышкары шаркетте гректердин кейпин кийгенге даяр турган өлкөлөрдүн тобу аныкталды. Алардын ичинде Италия, Португалия жана Испания аталууда.

Ошентсе да гректерге чукул жардам көрсөткөнгө баары эле, айрыкча экономика жана финансы жагынан кыйсыпыр тие элек өлкөлөр шашыла элек. Айрым изилдөөлөр Афинага кол кабыш кылуу идеясына калктын 85 проценти терс мамиледе экенин көрсөтүүдө.

Башкалардын "балээсин" өзүнө алганга өзгөчө Германиянын ыкыласы жок. Канцлер Ангела Меркел Афина өкмөтүнө жардам көрсөтүү боюнча Еврошаркеттин жыйындарында чечим кабыл алынбай турганын кайрадан так кесип айтты. "Мен билгенден бул Брюсселде да , башка жерде да не бейшемби, не жума күнү да болбойт",- деп билдирди ал такыктаган кабарчыларга кайрылып.

Брюсселге жөнөр алдында Меркел немец парламентинде сөз сүйлөп, грек өкмөтү евро зонасына кирген өлкөлөр кол койгон келишимдин шартын бузганын, ушундан улам алар социалдык-экономикалык ири кризиске кептелгенин белгиледи. Меркел мындай өлкөлөрдү келечекте еврозонадан чыгарып салуу механизмин киргизүү керек деп эсептейт. Антпесе "евро аймагындагы кайсыдыр бир өлкө төлөм жагынан көтөрүм болуп калса, бул бүткүл Европага, анын ичинде эң ири экономикасы бар Германияга да чоң коркунуч келтирет",-деп айтты ал. Ошондуктан "немец өкмөтү бүгүнкү жана эртеңки саммитте эл аралык валюта фондусуна кайрылып, акыркы айла катары Афинага жардам көрсөтүүнү өтүнмөкчү".

Бирок еврочиновниктердин көбү муну өнөгөсүз кадам болот, дүйнө алдында жалпы шаркеттин кадырын кетирет деп эсептешет.

Афинага азыр тыкыр мүнөздө 25 миллиард евро өлчөмүндө каражат керек. Европа комиссиясынын төрагасы Жозе Мануэл Баррозу лидерлер жыйынында гректерге жардам көрсөтүүнүн жаңы ыкмасы табыларына ишенич билдирди.

Еврокомиссар Оли Рен быйыл грек өкмөтүндө бүжет тартыштыгын төрт процентке кыскартканга мүмкүндүк бар экенин айтып, жакында парламент кабыл алган чаралар ишке ашырыла баштаганын жакшы жышаанга жоруду. Ошол эле учурда ал азырынча гректер да, евро зонанын башка өлкөлөрү да "чытырман токойдон чыга электигин", орток валютанын тагдырына байланыштуу тынчсыздануу дале күч экенин да моюнга алды.

XS
SM
MD
LG