Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:40

7-январда жаан-чачын болбойт


Синоптиктердин берген маалыматына ылайык, Кыргызстанда 7-январда жаан-чачын болбойт. Бийик тоолуу аймактарда жолдор тоңголок, тайгак болот. Шамалдын багыты улам өзгөрүп, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -13…-18 даража суук, күндүз -1…-6 даража болот, Талас облусунда түнкүсүн -13…-18, күндүз 0…-5 даража суук, Баткенде түнкүсүн - 3…-8 даража суук, күндүз 2…7 даража жылуу, Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -3…-8 даража суук, күндүз 3…8 даража жылуу, Ысык-Көл өрөөнүндө түнкүсүн -7…-12, күндүз 0…-5, Нарын облусунда түнкүсүн -19…-24, күндүз -4…-9 даража суук болот. Тоолуу аймактарда түнкүсүн -27... -32, күндүз -11... -16 даража суук.

Бишкек шаарында 7-январда жаан-чачын болбойт, туман түшүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы саатына 1-6 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -14…-16 даража, күндүз -3…-5 даража суук болот. (КЕ)

XS
SM
MD
LG