Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:22

Таласта бөйрөк ооруларын дарылоочу алгачкы бөлүм ачылды


Талас шаарындагы облустук оорукананын ичинде жайгашкан бул бөлүмгө атайын долбоордун негизинде 180 миң евролук бөйрөк тазалоочу аппарат Жапониядан алынып келди. “Азаттыктын” аймактагы кабарчысы Уланбек Эсенгелди маалымдагандай, азырынча бул бөлүм үч орундан туруп, эки дарыгер эмгектенет. Алардын айлык акылары жергиликтүү бюджеттен каржылана турган болду. Буга чейин Талас облусу боюнча бөйрөк ооруларын дарылай турган бөлүм жок болгондуктан, оорулуулар Бишкекке келип дарыланып турушкан. (KKs/UA)

XS
SM
MD
LG