WikiLeaks сайтынын негиздөөчүсү Жулиан Ассанж 16-декабрда Лондондун абагынан күрөөгө бошотулгандан бери биринчи жолу коомчулукка көрүндү. 39 жаштагы Ассанжды Швеция "аял зордуктады" деп, сот жообуна тартуу үчүн өткөрүп берүүнү талап кылууда. Ал 11-январда Лондон сотуна өзүн коргоо үчүн келди. "Эгер Ассанж Швецияга өткөрүлүп берилсе, андан ары АКШга жөнөтүлүп, Гуантанамо түрмөсүндө кармалышы же өлүм жазасына тартылыши мүмкүн",-деп билдирди анын адвокаты.
Австралиялык Ассанж жана анын тарапкерлери - ал өз сайтында америкалык дипломаттардын Мамлекеттик департаментке жазган жашыруун кат-кабарларын баскан үчүн куугунтукталууда дешет.
Австралиялык Ассанж жана анын тарапкерлери - ал өз сайтында америкалык дипломаттардын Мамлекеттик департаментке жазган жашыруун кат-кабарларын баскан үчүн куугунтукталууда дешет.