Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:52

Укук коргоочу Акмат Бакиевди үй камагына чыгарууну өтүнүүдө


Мурдагы президенттин бир тууганы Акмат Бакиевдин ден соолугу кескин начарлап кеткенине байланыштуу ал үй камагына чыгарылууга тийиш деп эсептейт анын коомдук коргоочусу Бүайша Арстанбекова. Ал бүгүнкү соттук жараянда дарыгерлердин корутундусун көрсөтүп, Акмат Бакиев тиешелүү түрдө дарыланууга муктаждыгын бекемдеди.

Мурдагы президенттин бир тууган иниси Акмат Бакиевге "2010-жылдын май айында массалык башаламандыктарды уюштурган", "бийлик өкүлдөрүнө каршы күч колдонгон", "жерлерди мыйзамсыз ээлеп алган", "атуучу куралдарды мыйзамсыз алып жүргөн", "зордук-зомбулук менен башкалардан акча өндүргөн" деген айыптар тагылып, июль айында камакка алынган. Ал өзүнө коюлган айыптар менен макул эместигин билдирип келет. (ZKo)

XS
SM
MD
LG