Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:06

Президенттик шайлоонун шабыртыбы?


Феликс Кулов Чүйдүн Байтик айылында шайлоочулар менен жолугушууда, 2010-жылдын 8-октябры.
Феликс Кулов Чүйдүн Байтик айылында шайлоочулар менен жолугушууда, 2010-жылдын 8-октябры.

Парламенттеги «Ар-Намыс» фракциясынын жетекчиси Феликс Кулов жемкордукка каршы күрөшүү боюнча чараларды баштаганын жарыялады.

Бирок коомчулукта аталган партия лидеринин бул аракеттери президенттик шайлоонун алдындагы анын саясий упай топтоо аракети катары бааланууда.

Куру убадабы же куру убарабы?

Биз конкреттүү адамдардын аты-жөнүн ачыкка чыгарууну максат кылган жокпуз...
Феликс Кулов

“Ар-Намыс” партиясынын талдоочулар тобу даярдаган документте өлкөдөгү коррупцияга малынган негизги тармактардын пайыздык үлүшү көрсөтүлгөн. Анда бажы, мамлекеттик сатып алуулар жана тендер жүргүзүү тармагы, жерге жайгаштыруу, энергетика, өндүрүш, жаратылыш байлыктары, фискалдык органдар, билим берүү жана жол курулуш, ажылыкты уюштуруу сыяктуу тармактар коррупцияланган негизги тармактар катары аталган. Документте жемкордуктун айынан өлкө жылына болжол менен 20 миллиард сомго зыян тартып келээри мисалга алынган.
Феликс Кулов коррупционерлердин атын ачык айтууну туура көрбөйт.

Башкы “арнамысчы” Феликс Кулов өлкөдөгү ири коррупциялык схемаларга кайсыл атка минерлердин катышы белгилүү экендигин айтып, бирок алардын аты-жөндөрүн ачык атоону туура көргөн жок:

- Биз конкреттүү адамдардын аты-жөнүн ачыкка чыгарууну максат кылган жокпуз. Анткени ага каршы чыга турган тараптар сотко беришсе, биз узакка созула турган соттук талаш-тартыштардан башыбыз чыкпай, коррупция менен системалык күрөшүүдөн четтеп калгыдайбыз. Эгерде алгач мына ошонун жолдорун бөгөп алсак эле, кеминде жылына 300 миллион АКШ долларын биз мамлекеттик казынага бурууга жетишмекпиз.

Желмаяндай жемкордуктун башаты
Феликс Кулов вице-президент болуп тургандан баштап темир сатуудан, курал сатуудан өз ишин баштаган. Иликтөөсүн ошондон баштаса туура болот.Алишер Абдымомунов

Бирок “Ар-Намыс” фракциясынын жетекчисинин мындай кадамдарына ишенбегендер да четтен табылат. Алардын айтымында, мындан мурун жогорку кызматтарды ээлеп келген саясатчынын буга чейин коррупция менен чындап күрөшүп, жыйынтык чыгаргандыгын эч ким көрө элек.

Мурдагы чекист Алишер Абдымомунов токсонунчу жылдардан баштап Кыргызстандагы коррупциянын тамыр жайышына Феликс Кулов сыяктуу мурдагы жетекчилердин салымы чоң деп эсептейт:

- Ал киши вице-президент болуп тургандан баштап темир сатуудан, курал сатуудан өз ишин баштаган. Мына иликтенип жаткан коррупциялык схемалардын башын ошондон баштаса туура болот. Мына ошого окшогон кишилердин коррупциялык түзүмдөрдүн калыптанып, тамыр жайышына жана азыр ушундай абалга жетишине чоң үлүштөрү бар. А болбоосо коопсуздук министри болду, вице-президент болду, мэр болду, премъер-министр болду ошол убакта коррупцияга каршы күрөшүп деңгээлин түшүргөн бир мисалды айтып бергилечи мага. А коррупция деген бүгүн эле чыга калган жок. Мына ошол өздөрү коррупциянын ичине кирип алышып, каалагандай үлүштөрүн алышып, упайларды топтоп аягында дагы деле минтип бийликке келип жатышат. Мен бул адамдар менен иштешкемин. Алардын минтип айтканы жөн эле популизм.

Анткен менен Феликс Кулов мындай жүйөөлөр менен макул эмес. Анын өзүнүн айтымында, Феликс Кулов Улуттук коопсуздук министрлигинен ири инвестициялык “Гималай” сыяктуу коррупциялык ишкер долбоорунун айынан кеткен. Андан кийин Феликс Кулов Бишкектин мэри учурунда мурдагы президент Аскар Акаевдин үй-бүлөлүк кланы менен келишпестиктен улам, эркинен ажыратылгандыгын белгиледи. Ошол эле учурда маалымат жыйынында Феликс Куловго өткөн парламенттик шайлоого жумшалган ири каражаттар кайдан алынгандыгы боюнча суроо берилди.
Жогорку кызматтарда иштеп жүргөндө Куловдо коррупцияны ооздуктаганга толук мүмкүнчүлүктөр көп эле болгон да. Бирок ошондон пайдаландыбы?
Уран Ботобеков

- Мен бул суроого мындайча жооп бергим келет. Мына мен беш жыл жалган жалаа менен түрмөдө олтурдум. Мына ошол далил болот го деп ойлойм мен чындыгында эле таза экендигиме. Болбосо мен коррупционер болсом жеп-ичип коюп эле жүрө бербейт белем, эч кимге жаман көрүнбөй. Экинчи суроо жанагы партиянын каражаттарына байланыштуу экен. Биздин партия шайлоодо өтө эле көп каражат сарптаган жокпуз. Биздин партиянын мүчөлөрү, жактоочулар каражат чогултушуп, фонд уюштурдук. Канча каражат кеткендигин мен азыр толук айта албайм.

Саясий упай топтоо аракети

Ошол эле учурда саясат таануучулар Кыргызстанда 2011-жылдын аягында өтүшү болжолдонуп жаткан президенттик шайлоого азыртадан эле катуу даярдыктар башталгандыгын белгилешүүдө. Мына ошондуктан талдоочу Уран Ботобеков Феликс Куловдун акыркы кадамдарын анын саясий упай топтоого жасаган аракети катары баалады:
Уран Ботобеков

- Мына азыр алдыдагы саясий өнөктүктөр баштала турган маалда “Ар-Намыс” партиясынын жетекчисинин мына ошол коррупциялык схемалар боюнча айтып чыккандыгы мыйзам ченемдүү көрүнүш. Бирок аны кантип ишке ашырууга болот? Же чын эле ишке ашабы? Ал башка маселе. Бирок ушундай жогорку кызматтарда иштеп жүргөндө ал кишиде коррупцияны ооздуктаганга толук мүмкүнчүлүктөр деле көп эле болгон да. Бирок ошол мүмкүнчүлүктөрдөн пайдаландыбы? Кеп ошондо болур жатпайбы?

Бирок “Ар-Намыс” партиясы коррупцияга каршы күрөшүү иш-чараларын уюштуруу президенттик шайлоо менен байланышы жок экендигин белгилеп, аны парламенттеги оппозициялык фракция катары негизги ишинин бир бөлүгү катары мүнөздөдү.

XS
SM
MD
LG