Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:27

HRW адам укуктарын бузгандарга карата жумшак мамиле жасалып жатканын сындады


Хьюман Райтс Уотчтун аткаруучу директору Кеннет Рот жылдык доклад боюнча маалымат берди, 24-январь 2011-жыл, Брюссел.
Хьюман Райтс Уотчтун аткаруучу директору Кеннет Рот жылдык доклад боюнча маалымат берди, 24-январь 2011-жыл, Брюссел.
Диалог жана кызматташтык деген сөздөргө жамынып алып, адам укуктары чөйрөсүндө көз жумду мамиле жасоо эл аралык кеңири практикага айланды. Андай глобалдуу тенденциянын мисалдарынын бири – Евробиримдиктин “конструктивдүү диалогдору”, - деп белгилейт Хьюман Райтс Уотчтун аткаруучу директору Кеннет Рот.

Албетте, адам укуктарынын абалын жакшыртуу жарайаны сүйлөшүүлөр жана кызматташтык жолу менен жетишилет. Бирок диалог белгилүү бир милдеттенмелер менен бекемделип, конкреттүү натыйжага алып келиш керек, делет сында.

Жабык эшик артындагы сүйлөшүүлөр адам укуктарынын жакшырышына алып келген жок, - дейт уюмдун өкүлү Венцел Михалски:

- Соңку жылдары диалог, үнсүз дипломатияга артыкчылык берүү модага айланды. Бул – адам укуктарынын дүйнөдөгү жалпы абалын оңдоого салым кошкон жок деп ойлойбуз. Тескерисинче, жабык эшик артындагы сүйлөшүүлөр бул чөйрөдө прогресске алып келбей турганы далил болду.

Зомбулукчул режимдерге каршы чечкиндүү чара көрүүнүн ордуна айрым өкмөттөр аларга кысым көрсөтпөө жолун тандашат, - деп айтылат баяндамада.

Мисал катары баяндаманын авторлору Өзбекстан, Түркмөнстан, бир катар африкалык мамлекеттерди, Кытайды келтиришет.

Баса, баяндаманын жарыяланышы Өзбекстан президенти Ислам Каримовдун Брюсселдеги сапарына туш келди.

Укук коргоочулардын сынына Бириккен Улуттар уюму да кабылды. Уюм Шри Ланкадагы согуш учурундагы ырайымсыздыктарга көңүл кош мамиле кылып койду, - деп эсептейт Хьюман Райтс Уотч.

Андан тышкары АКШ президенти Барак Обама адам укуктарынын абалына акыркы кезде көбүрөөк кайрылганы менен алар курулай билдирүүлөр бойдон калды, - деп ырасташат баяндаманын авторлору.

Венцел Михалски Батыш тигил же бул өлкөнү сындаганда экономикалык кызыкчылыкты эстен чыгарбай деп белгилейт:

- Беларус өңдүү өлкөлөргө келгенде Батыш, Евробиримдик, АКШ аларды дайыма катуу сындашат. Шайлоонун бурмаланышына, оппозициянын куугунтукталышына байланыштуу алар бир добуштан камтамачылыгын билдиришти. Эмне үчүн дейсиңер? Эмне себептен Германия сыяктуу кубаттуу, беделдүү өлкөлөр Кытайдагы абалды эмес, Беларустагы адам укуктарын бузууларды айыптайт? Себеби Беларус менен анчалык бизнес жүргүзбөйбүз, Беларуста бизди кызыктырган табигый ресурастар жок. Демек Беларуска сөөмөй кеземей оңой.

Кыргызстанда былтыр өлкө көз карандысыздыкка жетишкенден берки эң ири тополоңдор, зордук-зомбулук өкүм сүрдү.

Апрелде президент Курманбек Бакиевдин режимин алмаштыруу маалында 85 киши каза тапты, жүздөгөнү жарадар болду.

Июнда Кыргызстандын түштүгүндө тутанган улуттар аралык жаңжал жүздөгөн кишинин өмүрүн алып кетти, миңдегени жараат алды, 2 жарым миңдей үй талкаланды. 100 миңдей өзбек Өзбекстанда убактылуу баш пааналоого аргасыз болгон, - деп жазат уюм.

Бул уюмдун ырастоосунда, Кыргызстан бийлиги бир нече күн бою адам өлтүрүүлөрдү, бүлдүргүч аракеттерди токтото алган жок. Кыргыз бийлиги бардык жарандарды коргоо үчүн жетиштүү чара көргөндөй таасир калтырган жок.

Хьюман Райтс Уотч ал окуялардан кийинки сот жарайандарын да катуу сындайт.

Ошону менен катар Кыргызстандагы жагымдуу саясий илгерилөө да баяндамада айтылбай калган эмес.

Маселен, былтыр июндун этегинде өткөрүлгөн референдум Кыргызстанды региондогу алгачкы парламенттик жумуриятка айландырды.

Октябрда болгон парламенттик шайлоо тынч өтүп, эларалык байкоочулар бул шайлоо “плюралисттик” маанайда өткөнүн белгилешкен, - деп айтылат Хьюман Райтс Уотч жарыялаган баяндамада.

XS
SM
MD
LG