Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:19

Укук коргоочулар улутчулдукка каршы нааразылык чарага чыгышты


Бул тууралуу “Азаттыкка” укук коргоочу Назгүл Турдубекова билдирди. Анын айтымында, “Ата Журт” жана “Ар-намыс” фракцияларынан айрым депутаттар июнь окуяларын иликтеген Улуттук комиссиянын мүчөсү Бахтияр Фаттаховго карата улутчул маанайдагы билдирүүлөрдү жасашкан. Нааразылык чарасына катышкан “Кылым шамы”, “Демократия жана жарандык коом үчүн”, "Эркиндик доошу" (“Голос свободы”), “Интербилим” борбору сыяктуу уюмдардын өкүлдөрү Кыргызстан парламентинде айрым депутаттар адам укуктарынын бузулушуна жол берип жатат деген сын пикирин айтышты. Буга чейин парламент төрагасы Акматбек Келдибеков Улуттук комиссиянын курамына Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу улуттук агенттигинин директору Бахтияр Фаттаховдун кирип калуусунун этикалык жагын карап чыгууну профилдик комитетке тапшырган. Анын айтымында, 2010-жылдын 4-июнунда БУУнун жогорку комиссары менен өзбек диаспорасынын өкүлдөрү жолугушуп, Кыргыз мамлекетинде автономия алууга ниеттери бар экенин айтышкан. А.Келдибековдун ырасташынча, ал жолугушууга Алишер Сабиров, Абдували Шарипов, Жалалиддин Салахидинов, Бахтияр Фаттахов баштаган адамдар барышкан.
Бахтияр Фаттахов өзү болсо ал жолугушууга чындап эле катышканын, бирок ал жерде адам укуктарынан башка маселе көтөрүлбөгөнүн айтып чыккан. (AzK)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG