Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:51

АКШ Беларуска каршы санкцияларды күчөтөт


Бул тууралуу Сенаттагы угуу учурунда Мамлекеттик катчынын жардамчысы Филип Гордон билдирди. Анын айтымында, санкциялар декабрдагы президенттик шайлоодон кийин оппозиция активисттери куугунтукталып жатканына байланыштуу күчөтүлмөкчү.

АКШ дипломаты белгилегендей, болочок санкциялардын алкагында, америкалык компаниялар менен жарандарга Беларустун химиялык ишканасы - “Белнефтехим” концерни менен бизнес жүргүзүүгө тыюу салынат, АКШга келүүсүнө тыюу салынган беларус аткаминерлеринин тизмеси кеңейтилет, каржы багытында бир топ чектөөлөр болот.

АКШ ошондой эле Беларустун бейөкмөт уюмдарына көрсөтүлчү колдоонун акчалай көлөмүн 3 миллион долларга көбөйтүүнү мерчемдөөдө.

XS
SM
MD
LG