Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:10

Сот адилеттигин камсыз кылуу чарасы каралууда


Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, мыйзамдуулук жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча жана сот-укуктук мамилелер боюнча комитеттери уюштуруп жаткан бул коомдук талкуу эки күнгө уланарын Жогорку Кеңештин маалымат кызматы кабарлады. Тегерек столдо судьялардын статусу, жогорку жана жергиликтүү соттор, судьяларды тандоо кеңеши, соттук өзүн-өзү башкаруу органдары жана Жогорку соттун конституциялык палатасы тууралуу мыйзам долбоорлору талкууланмакчы. Аталган иш-чаранын максаты – жарандардын сотторго ишенимин күчөтүү, көз каранды эмес сот системасын куруу жана соттордун ишмердүүлүгүн жаңы Конституциянын талаптарына ылайык өзгөртүү. Кыргызстанда эгемендик алгандан бери соттун көз карандылыгын камсыз кылуу боюнча иш чаралар тынбай өтүп келатат. (ES)

XS
SM
MD
LG