Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:51

“Кумтөрдөн” бюджетке 120 млн доллардан ашык каражат түшөт


Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Акматбек Келдибеков 31-январда маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, былтыр “Кумтөр” алтын кенин иштетүүдөн бюджетке 100 миллион доллар түшкөн. "Бул жакшы көрсөткүч, анткени акыркы он жыл ичинде кенден өлкө казнасына баардыгы болуп 400 миллион долларга жакын каражат түшкөн", - деди спикер. Спикер инвестицияга жагымдуу шарт түзүп, чет өлкөлүк инвесторлор менен түзгөн келишимди бузбай иштөө зарыл экенин белгиледи.

Мындан мурдарак жарандардын демилгелүү тобу “Кумтөр” алтын кен долбоорунун ишмердүүлүгүн талдап, анын Кыргызстанга үзүрү канча деген маселени элдик курултайда көтөрүүнү көздөп жатканын жарыялаган болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG