Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:10

Уюшма топторго укурук узарууда


31-январда Кыргызстанда уюшма кылмыш топторунун дагы төрт мүчөсү тутулду. Азыр өлкөдө негизги төрт кылмыштуу топ бар экени айтылууда.

Январь айынын ичинде кылмыштуу топтун бир катар таасирдүү мүчөлөрү колго түшкөнү кабарланган эле. Айрымдарына издөө салынган болчу.

Кыргызстанда төрт уюшма топ бар

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда төрт негизги кылмыштуу топ бар, алар Камчы Көлбаевдин, Азиз Батукаевдин, Алмаз Бокушевдин жана “Водолаз” атка конгон Максат Абакировдун топтору.

Министрдин орун басары Мелис Турганбаев жыл башынан тарта төрт негизги кылмыштуу топтордун ондон ашык активдүү мүчөлөрү бир катар айыптар менен кармалганын кабарлады:

Мелис Турганбаев
- Бүгүнкү күндө жакшынакай иштер жүрүп жатат. Акыркы убакта эле ондон ашык жанында жүргөндөрдү кармап, алар кылмыш-жаза кодексинин ар кандай беренелери боюнча айыпталып, азыркы күндө абакта отурушат. Алардын арасында эң активдүү, “положенец”, “смотрящий” дегендери бар. ИИМдин маалыматы боюнча Кыргызстанда төрт уюшма кылмыштуу топ бар. Мына ошолордун үстүндө азыр иш жүргүзүп жатышат.


Мелис Турганбаев билдиргендей, Кыргызстандагы уюшма кылмыштуу топтордо кеминде 50-60ка чейин мүчөлөрү болушу ыктымал.

Бардык жерде бар. Кааласаң айыл өкмөттөн баштап, Жогорку Кеңешке чейин да...
Милициянын мурдагы жетекчилеринин маалыматтары боюнча, өлкөдөгү кылмыш топторунун активдүү мүчөлөрүн 150-200гө жакын деп болжолдоого мүмкүн. Алардын ичинен Көлбаев менен Батукаевдин тарапкерлери башка топторго салыштырмалуу көптүк кылат. Өлкөнүн басымдуу бөлүгүндө Камчы Көлбаевдин таасири күч.

Кыргызстанда апрель окуяларынан кийин өзгөчө түштүк аймакта уюшкан кылмыштуу топтордун күч алганы кабарланган. Ички иштер министрлигинин Уюшма кылмыштуу топко каршы күрөшүү боюнча түштүктөгү башкармалыгынын жетекчиси Алмазбек Эргешбаевдин билдиришинче, учурда Кыргызстандын түштүгүндө үч кылмыштуу топтун мүчөлөрү бар экендиги катталган. Учурда аларга каршы чечкиндүү аракеттер жүрүп жатат:

- Түштүк аймагы боюнча үч кылмыштуу топ иш-аракеттерин жүргүзүп жаткан. Булардын негизги багыттары талап тоноочулук, жанагы зомбулук, ок атуучу куралдар менен мыйзамсыз алектенүү жана сатып өткөрүү, андан кийин баңги заттары менен алектенүү да. Булардын негизги багыттары ушулар.

Кылмыштуу топтор бардык жерге тамырын жайган

Уюшма кылмыштуу топтун күч алганы туралуу мурдагы бийликтин тушунан тарта көп айтылып келет. Убагында коомчулукта бийлик менен кылмыш дүйнөсү ийиндеш болуп калганы тууралуу да көп кептер чыккан.

Ички иштер министрлигинин мурдагы жетекчиси Өмүрбек Кутуевдин баамында, Кыргызстанда уюшкан кылмыштуу топтордун жана алардын мүчөлөрүнүн саны алдаганча көп. Мындан улам өлкөнүн бардык тармагына аларды кезиктирүүгө болот:

Өмүрбек Кутуев
- Төрт топ деп айта берсе болот. Уюшкан кылмыштуулук “потологуна” жетти. Андан ары кетпейт. Бардыгы өсүп, бардыгы бүтүп жеткен жерине жетти, иши кылып. Буга кыргыз эли да чыдабайт. Эч ким чыдабайт буларга. Бүт аралашып кетпедиби. Бардык жерде бар. Кааласаң айыл өкмөттөн баштап, Жогорку Кеңешке чейин да.


Жакында президент Роза Отунбаева Коргоо кеңешинде тартип коргоо органдарын уюшкан кылмыштуулукка каршы токтоосуз чараларды көрүүгө чакырган. Натыйжада кылмыш дүйнөлөрүнүн мүчөлөрү биринен сала бири кармалууда. Ал түгүл уюшкан кылмыштуу топтордун төбөлдөрүнүн бири атыккан Алмамбет Анапияевге издөө салынып, ага “адам уурдоо”, “адамга кол салуу”, “адамдын эркиндигин мыйзамсыз чектөө” өндүү айыптар тагылууда. 30-31-январда болсо кылмыштуу топтун дагы төрт мүчөсү кармалганы кабарланды. Алардын көбү башкалардын мүлкүн күч менен тартып алган деген айыптар менен камакка алынды.

XS
SM
MD
LG