Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:53

Иранда өлүм жазасына тартуу учурлары көбөйдү


Иранда өлүм жазасы жөнүндөгү өкүмдөрдү ишке ашыруу учурлары көбөйдү. БУУнун адам укуктары боюнча мекемесинин башчысы Нави Пилайдын кеңсесинен маалымдашкандай, 2011-жылдын башынан бери былтыркы жылдын ушул эле мөөнөтү менен салыштырганда 3 эсе көп өкүм аткарылган. Пилай Улуттар уюмунун талабына карабай, Иран бийлиги өлүм жазасына тартууну мындан ары арттырып жатат деди. Ал саясий туткундарды соттун өкүмүнө ылайык өмүрдөн ажыратуу БУУнун эларалык конвенциясына каршы келеерин, Тегеран ал документке кол койгонун белгиледи. Ишембиде Иран жана Голландиянын жараны болгон аял дарга асылгандан кийин Амстердам өкмөтү Тегеран менен расмий карым-катнашты убактылуу токтотту.

XS
SM
MD
LG