Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:17

Каирде абал ого бетер курчуду


Каирдин Тахрир аянтындагы тирешүү, 2-февраль.
Каирдин Тахрир аянтындагы тирешүү, 2-февраль.

Каирдин борбордук аянтында эл түнү бою тарабай топтолуп турду. Кечээки кагылышууларда 3 киши мерт болуп, 600гө жакыны жараат алган.

Мубарактын бийликтен кетишин талап кылган демонстранттар менен президенттин тарапкерлери бири-бирине таш, жыгач союлдарды, күйүүчү май куюлган бөтөлкөлөрдү ыргытып жатышты. Бүгүн таңга жуук да Тахрир аянтында абал оор бойдон калып, аткылашуу, жарылуулар угулуп жатканы кабарланды. Мубаракка каршы чыккандар аларга чабуул койгондор жөнөкөй кийим кийген полиция кызматкерлери болчу деп ырасташууда. Ички иштер министрлиги мындай дооматты чекте какты.

Мындан аркы кагылыштарды алдын алуу үчүн Тахрир аянтына каршылаш тартаптардын ортосуна аскерий техника орнотулганы кабарланды. Элдик толкундоолор мындан 10 күндөй мурун башталган. БУУнун болжолунда ошондон бери 300гө жакын киши каза тапты. Шейшембиде Мубарак сентябрдагы президенттик шайлоого катышпай турганын жарыялаганы менен, оппозиция анын бийликтен дароо кетишин талап кылууда.

Вашингтон Египет өкмөтүн демонстранттарга каршы күч колдонбоого жана саясий реформаларды баштоого үндөдү. Ак Үйдүн өкүлү Роберт Гиббс Каирге берилип келаткан финансылык жардамдын тагдыры Египет бийлигинин мындан аркы аракеттерине багынынкы болоорун эскертти:

- Бийликти өткөрүп берүүгө мезгил келип жетти. Египет эли өзгөрүүлөрдү көргүсү келет. Өткөөл процесске оппозициялык партиялар камтылууга тийиш. Эркин жана калыс шайлоого карай процесс азыр башталышы керек.

БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун соңку окуяларга камтамасын билдирди:

- Египеттеги зордук-зомбулук мени абдан тынчсыздантып турат. Бардык тараптарды күч колдонуудан карманууга дагы бир жолу чакырам. Мындай окуялар кабыл алынгыс. Тынч демонстранттарга каршы чабуул коюу чектен чыккан иш жана мен аларды айыптаймын.

Оппозиция лидери Мухамед Эл Барадеи армияны Тахрир аянтындагы кагылыштарды токтотууга үндөдү.

XS
SM
MD
LG