Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Сентябрь, 2023-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:44

Йеменеде миңдеген киши нааразылыкка чыгууда


Йемендин борбору Санаа шаарында көчөгө чыккандар 30 жылдан бери бийликте отруган президент Али Абдуллах Салехтин кетүүсүн талап кылууда.

Борбор калаанын ар кайсы жеринде 20 миңден ашуун адам чогулду. Ошол эле кезде президент Салехтин миңдеген тарапкерлери шаардын борбордук бөлүгүндө топтолуп, каршылык митингге чыккандар тарапка бет алды.

Йемендеги нааразылык президент Салех 2013-жылы мөөнөтү бүтмөйүнчө бийликтен кетпей тургандыгын жана бийликти өз уулуна өткөрүп бербестигин жарыялагандан кийин күчөдү.

XS
SM
MD
LG