Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:46

12-февралда жаан-чачын күтүлбөйт


Синоптиктердин берген маалыматы боюнча, 12-февралда Кыргызстандын аймагында ала-булут каптап турат, дээрлик жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак болот. Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, 14 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы: Чүй облусунда -1…+4, күндүз 11…16 градус жылуу, Талас аймагында түнкүсүн 0…-5 градус суук, күндүз 10…15 градус жылуу болот. Баткен өрөөнүндө түнкүсүн 0…5, күндүз 10…15 градус жылуу болсо, Ош жана Жалал-Абадда түнкүсүн -1…+4, күндүз 9…14 градусту түзөөрү күтүлүүдө. Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 1…6 градуска барабар, Нарын облусунда -11…-16, күндүз -2…+3 градус суук болот. Тоолордо сууктун күчү түнкүсүн -21…-26, күндүз -4…-9 градуска чейин жетет.

Бишкекте ала-булут каптап турат, жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -1... 1 градус, күндүз 14 …16 градус жылуу болоору күтүлүүдө. (KKs)

XS
SM
MD
LG