Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:29

Н.Назарбаев казак тилинен сынактан ийгиликтүү өттү


"Нур Отан" партиясынан президенттикке талапкер болуп көрсөтүлгөн Нурсултан Назарбаев 11-февралда мамалекеттик тил боюнча сынактан өттү. Тил комиссиянын башчысы Мырзатай Жолдасбеков «Нурсултан Назарбаев сынакты бир да катасы жок тапшырды», деп билдирди.

Мамлекеттик тил боюнча сынак жазуу жана оозеки баскычтардан туруп, 1 саатка чукул убакыт берилет.

Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы Н.Назарбаев президенттикке талапкердин бардык талаптарына жооп бере тургандыгын билдирди.

Казакстанда мөөнөтүнөн мурда белгиленген президенттик шайлоо ушул жылдын 3-апрелинде өтөт.

XS
SM
MD
LG