Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:17

7-апрель: Созулган сот иши качан уланаары белгисиз


Апрель окуясы боюнча сот ишинин алгачкы күнү, 2010-жылдын 17-ноябры.
Апрель окуясы боюнча сот ишинин алгачкы күнү, 2010-жылдын 17-ноябры.

7-апрель окуясы боюнча соттук териштирүүлөр былтыр ноябрдын этегинде спорт сарайынын жанындагы жардыруудан улам токтоп калган.

Буга тынчсызданган коомчулуктун айрым өкүлдөрү сотту создуктуруп, анын олуттуулугун төмөндөтүүгө кызыкдар күчтөр бардыгын айтышууда.

Кечеңдетүүнүн кереги кимге?

7-апрель окуясы боюнча соттук териштирүүлөр буга чейин эки жолу үзгүлтүккө учурап, үчүнчү жолу аны уюштуруу белгисиз мөөнөткө жылдырылган болчу. Биринчи ирет соттук териштирүүгө жоопкер тараптын келбей калгандыгынан улам жараян кийинкиге калтырылса, кийинкисинде сот иши өтүп жаткан спорт сарайынын жанындагы жардыруудан кийин анын качан жана кайда өтөөрү белгисиз бойдон калган.
Спорт сарайынын жанындагы жардыруу болгон жер. 30-ноябрь, 2010

Мурдагы убактылуу өкмөттүн укук коргоо органдарынын иши боюнча орун басары Азимбек Бекназаров 7-апрель окуясы боюнча сот иштерин создуктурууга кызыкдар күчтөр мурдатан эле болгондугуна токтолду:

- Тергөө учурунда эле 7-апрель окуясы боюнча иштер бөлүнүп кеткен жеринен кайра коштуртуп, жеңил беренелерге алмаштырышкан учурда көзөмөлдөп жатып кайра ордуна койдурган учурлар көп болгон. Бүгүн антип кызыкдар болгон киши жок. Кайра ошол сот ишин эптеп создуктуруп, керек болсо болтурбай койууну көздөгөн күчтөр көп. Анткени сотто көп нерселер айтылат, көп жагдайлар калкып чыгып калышы мүмкүн. Ошон үчүн мен азыр сотту болтурбоого кызыктар тараптар болгондугун жана азыр дагы бар экендигин гана айта алам.

Анткен менен Жогорку Соттун расмий өкүлдөрү 7-апрель окуясы боюнча соттук териштирүүлөр атайылап создуктурулуп жатат деген жүйөө менен макул эмес. Буга чейин жабырлануучулардын талабы менен сотко төрагалык кылуучуну алмаштыруу маселеси Жогорку Сотто каралган. Андан кийин 28-январда айыпталуучулардын жактоочуларынын ишти бөлүп кароону талап кылган көзөмөл арызы каралып, аны канааттандыруудан баш тартылган.

Иш сотко жөнөтүлдү

Жогорку Соттун маалымат катчысы Бактыбек Рысалиев 7-апрель окуясы боюнча ишти кароону даярдоо мыйзамдын чегинде жүргүзүлүп жаткандыгын белгиледи:

- 7-апрель окуясы боюнча соттук териштирүүлөрдү даярдоо жана дайындоо иштери эреже боюнча эле кетип жатат. Бул жерде эч кандай кечиктирип, мыйзам бузууга жол берген учурлар жок. Азыр кылмыш иши кайрадан Бишкек гарнизондук аскер сотуна жөнөтүлдү. Ал жактан ишти карай турган жаңы соттук курам бекитилсе, алар иш менен толук таанышып чыккандан кийин эле соттук териштирүүлөр кайра улантылат.

Анткен менен буга чейин айыпталуучу тарап жана бир катар адам укугун коргоо уюмдары 7-апрель окуясы боюнча кылмыш иши тергөө өндүрүшүндө кылдат иликтенбестен туруп, сотко өткөрүлгөндүгүн айтып чыгышкан. Мына ошондуктан кызыкдар саясий күчтөрдүн айрымдары аны кылым соту дешсе, кээ берлери саясий шоу катары мүнөздөшкөн. 7-апрель күнү Ак үйдүн жанында 77 адам окко учуп, миңден ашууну жабыркаган. Мындан сырткары бир гвардиячы жана ички иштер органдарынын эки курсанты Ак үйдү коргоо учурунда мерт болушуп, күч түзүмдөрүнүн ондогон кызматкерлери жараат алышкан.
7-апрелдеги кандуу калаба

Аскер кызматкерлеринин укугун жана эркиндигин коргоо коомдук уюмунун төрагасы Алымбек Ниязов алардын эпизоддорун дагы 7-апрель окуясы боюнча жалпы ишке бириктирүү талабы сунушталгандыгын айтты:

- Бул жерде бир катар жагдайлар бар экен. Буга чейин жанагы Бакиевдердин ишин бөлүп кароо боюнча маселе көтөрүлүп, бирок ал кайра толук бойдон калтырылбадыбы. Биздин актоочулар болсо сотко жанагы 7-апрель күнү кайтыш болгон президенттик полктун аскер кызматкери Алтынбек Шамырбаев, ИИМдин академиясынын курсанттары Кушь Никита менен Эдил Такырбашевдин иштерин дагы биргеликте соттук териштирүүгө берүү маселесин көтөрүшкөн.

7-апрель окуясы боюнча жалпысынан 28 адам айыпталууда. Анын ичинен ага-ини Бакиевдер баш болгон алтоо өлкөдө жок болгондугуна байланыштуу сыртынан айыбы угузулган болчу. Соттук териштирүүлөрдүн экинчи күнүндө мурдагы аткаминерлер Оксана Малеваная, Каныбек Жороев жана Нурлан Турсункулов өлкөдөн чыгып кеткендиги маалым болгон. Булардан сырткары көзгө атарлар деп эсептелген он беш аскер кызматкери соттон айыпталуучу катары өтүшүүдө.

XS
SM
MD
LG