Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:30

7-апрель: сот жараяны ызы-чуу менен башталды


7-апрель окуясы боюнча сот ишинин жүрүшүнөн, 17-ноябрь.
7-апрель окуясы боюнча сот ишинин жүрүшүнөн, 17-ноябрь.

Cот ишинин биринчи эле күнү ызы-чуу менен коштолуп, үзгүлтүккө учураган сот жараяны эртеңкиге калтырылды.

Айыпталуучулардын жактоочулары иш менен толук таанышышпагандыктан улам убакыт берүүнү өтүнүштү. Бирок ал өтүнүч четке кагылган соң, алар сотко төрагалык кылуучуга ишеним көрсөтпөө демилгеси менен чыгышты.

Сотко ишеним көрсөтпөө

Жактоочулардын сотко ишеним көрсөтпөө талабы, жабырлануучулардын жаалын келтирип, алардын айыпталуучулар тарапка атырылышына алып келди. Айрым ачууга жеңдиргендер бош бөтөлкө менен урганга умтулушту. Бирок эки ортого түшө калган милиция кызматкерлери кырдаалды жөнгө салууга үлгүрүп калышты. Андан соң тартип сакчылары айыпталуучуларды жана алардын жактоочуларын залдан чыгарып кетишти.
Айыпталуучулар сот залында: мурдагы коргоо министри Бакыт Калыев (оңдо) жана Мамлекеттик күзөт кызматынын жетекчисинин мурдагы биринчи орун басары Нурлан Темирбаев (солдо).

Окуянын мындай өнүгүшүнө жабырлануучу Жылдызбек Кулчаев нааразылыгын билдирди:

- Мен ошол окуядан жаракат алган адамын. Эки тууганым кайтыш болгон. Башкы прокурор Кубатбек Байболов келсин дагы бизге айтсын эмне үчүн аларды алып чыгып кетти. Акыйкат сот болуш керек. Жөндөн-жөн эле сотту үзгүлтүккө учурата беришеби? Алардын жаны ушунча ширин бекен?

Мына ушундай ызы-чуудан кийин сот жыйыны белгиленген мөөнөттөн эрте токтотулуп, аталган маселени кароо эртеңкиге калтырылды.

Буга чейин айыпталуучулардын жактоочуларынын бири Абдыкерим Ашыров отурумда алар көтөргөн өтүнүчтөрдүн бири дагы кабыл алынбагандыктан сотко ишенбөөчүлүк жарыялады:

- Урматтуу сот, сиз олтурумду өткөрүүдө башында эле мыйзамдын 2-3 чен-өлчөмүн буздуңуз. Укуктук негизде туура чечим кабыл алгандын ордуна сиз кайра кырдаалды курчутуп жатасыз. Мына ошондуктан биз сизге ишеним көрсөтпөө жөнүндө маселени көтөрүп жатабыз.

Жети ай жетишсиздик кылганда

Мындан башта айыпталуучулардын жактоочулары иш менен толук таанышып чыгууга мүмкүнчүлүк берилбегендигин айтып чыгышкан. Ошондуктан сотко иш менен таанышууга кырк күн убакыт берүү өтүнүчү сунушталды. Анын себептерин адвокат Айткулов мындайча түшүндүрдү:
7-апрель окуясы боюнча соттун жүрүшүнөн.

- Мисалы үчүн мен кылмыш иши менен толук таанышып чыгайын десем, иштин ичинде жанагы айрым жагдайларынын көчүрмөлөрү жок экен. Кийин сурасам ал жашыруун документтерге кирет экен. Биздин коргообуздагы адамдар кандай мыйзам бузгандыгын аныкташ үчүн мен ошонун баары менен таанышып чыгышым керек эле да. Анысы жок кандай иш болот. Ошондуктан бизге буга мүмкүнчүлүк жана убакыт берүүңүз керек.

Бирок сотко төрагалык кылуучу Бишкек гарнизондук аскер сотунун судьясы Жакыпбек Бектемиров тараптардын пикирин угуп туруп, мындай өтүнүчтү четке какты.

Жабырлануучулардын коомдук жактоочусу Нурлан Жуматаев мындай себептер менен сот жараянын создуктурууга негиз жок деп эсептейт:

- Оорубаган адамдын ооруган адам менен иши жок дегендей... Бул жерде ооруган адамдар олтурушат. Ошондуктан болбогон нерселер менен сотту создуктурууга болбойт. 7-айдан бери иш менен таанышып чыкпай эмне кылып жүрдүңөр. Ошондуктан кырк күн эмес, кырк саат убакыт берүүнү да туура көрбөйм. Бул жөн эле шылтоо.

Ачууга тийген аскер кийимчен айыпкерлер

7-апрелдеги өкмөт үйүнүн алдындагы жана борбордук аянттагы кан төгүү окуясы боюнча айыпталып жаткан мамлекеттик күзөт кызматынын жана “Альфа” тобунун кызматкерлери сотко аскер кийимчен келишти. Ошондогу кандуу окуяда бутунан майып болгон Темирбек Өмүров мындай жагдай аларды келеке кылганга барабар экенин, буга кыжырлантып жатканын айтат:
Жабырлануучу Темирбек Өмүров (оңдо)

- Менин дагы бутума ок тийген. Бул сот жараянына канааттанбай турам. Бул айыпталуучулар аскер парадына келгенсип, аскер кийимдери менен келишиптир. Бул деген эмне биздин үстүбүздөн мазактообу? Бул жерге сотко келишкенден кийин соттогудай болуш керек эле да.

Сот отурумунда аскер адамдарынан сырткары ошол учурдагы Ак үйдүн үлкөн чиновниктери да соттолушууда. Президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Каныбек Жороев жакын адамдарын жоготкон жабырлануучулардын ачуулу абалын түшүнүү менен кабыл алаарын белгиледи:

- Сот жыйынында коопсуздук сакталат деп жатышат. Ага ишенгенден башка аргабыз канча. Айыпталуучулар үчүн да, соттолуучулар үчүн да анын акыйкат өткөндүгү керек. Мен өзүм жабырлануучулардын азыркы абалына түшүнөм. Бирок ошондо да соттун адилет өтүшү үчүн тынчтыкты сактап беришсе болмок.

Акыйкат сот апрель окуясынын чыныгы себептерин ачабы?

Ошол эле учурда айыпталып жаткан чиновниктердин айрымдары бул сот жараяны акыйкат өтсө, анда ал 7-апрелде чындыгында эмне болгонунун бетин ачаарына ишенимин билдиришти. Мурдагы президенттин кеңешчиси Элмурза Сатыбалдиев бул иште өз милдетин аткаруу менен чектелген катардагы аскер адамдарынын сот жоопкерчилигине тартылышына таң калуусун жашырган жок:
Сот учурунда.

- Ачык сот жараяны башталды. Биз да муну күткөнбүз. Эл да күтүп жатат. Чындыгында ошол 7-апрель күнү эмне болгонуна акыйкат сот олтуруму чекит коймок. Жабырлануучулардын жаны күйүп жатат, аны түшүнүш керек. Башкача болушу мүмкүн эмес. Өлүм улук дейт кыргызда. Өлгөн адам эч качан күнөөлүү болбойт. Күнөөлүү болот, тирүү адамдар. Бирок мен бир нерсеге түшүнбөйм. Эмне үчүн мына бул карапайым аскер адамдарын сот жоопкерчилигине тартып жатышканына таң калам. Өзүн сыйлаган мамлекет мындай жасабайт.

Соттун биринчи күнү жактоочулардын өтүнүчтөрүн кароо менен создугуп, маселени кароо ызы-чуудан улам эртеңкиге жылдырылды. Эртеңки сот жараяны күн тартиби боюнча жабырлануучулардын жана эксперттердин көрсөтмөлөрүнөн башталмакчы. Быйыл 7-апрелде борбордук аянттагы каршылык акциясында 87 адам каза болуп, үч жүздөн ашууну жаракат алышкан.


XS
SM
MD
LG