Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:31

Арап дүйнөсүндөгү жаңы толкундоолор: Бахрейн, Йемен, Ливия...


Бахрейн аскерлеринин танктары Бермет аянтына жакыныраак жайгаштырылды. Манама ш., Бахрейн. 2011-жылдын 17-февралы. AFP.
Бахрейн аскерлеринин танктары Бермет аянтына жакыныраак жайгаштырылды. Манама ш., Бахрейн. 2011-жылдын 17-февралы. AFP.

Түндүк Африкадагы жана Жакынкы Чыгыштагы бир катар арап өлкөлөрүндөгү өкмөткө каршы толкундоолор менен нааразылык жыйындарынын эпкини эми Перс булуңундагы Бахрейн өлкөсүнө да тийди. Шаршембиде Бахрейн коопсуздук күчтөрү ордо шаардын чордонунда жыйылып, өлкөдө кеңири реформалар жүргүзүүгө чакырып жаткан демонстранттарга чабуул койду. Апта башынан бери Бахрейнде бери дегенде алты демонстрант набыт кеткени айтылууда. Йемендин ордосу Санаа шаарында да бүгүн нааразылык жыйындары башталгандан бери бешинчи күнгө айланды. Ливия жамахириясында болсо эки шаарда кагылышуу болуп, бери дегенде төрт киши набыт кеткени кабардалды.


Бахрейнде...

Бейшембиде (17-февралда) таңга маал Бахрейндин ордо шаары Манамада бир нече ондогон аскер унаалары көчө аралап жүргөнү кабардалды.

Өлкөнүн коопсуздук күчтөрү шаардын чордонундагы Бермет аянтына топтолгон демонстранттарды жаш агызчу газ жана желим ок менен аткылап, күч менен таркаткан.

Демонстранттар менен полициянын кагылышуусу маалында нааразылык жыйынынын далай катышуучулары ур-токмокко алынган. Кагылышуулардан улам бери дегенде төрт киши набыт кеткени, апта башынан бери өлгөндөрдүн саны алтыга жеткени кабардалууда.

15-февралдан бери эки күн бою Бермет аянтын ээлеген демонстранттар өлкөдө кеңири саясий реформаларды өткөрүү талабы менен чыгышкан.

Бахрейндин жалпы калайыгынын 70 пайыздайын шийилер түзөт, бирок саясий тизгин азганактай суннилердин өкүлүнүн жеке бийлигинин колунда.

Бахрейндеги калайыктын басымдуу бөлүгүн түзгөн шийилердин оппозициячыл “Вефак” партиясынын лидери Абид ал-Жалил Халил (Abed al-Jalil Khalil) мырза Рөйтерс маалымат агенттигине мындайча пикирин айтты:

- Мындай тирешүүлөрдү жана киши өлтүрүүлөрдү болтурбай коюунун бир эле эмес, бир нече жолу бар. Ал эми (тирешүү жолуна түшкөн) чечимди ким кабыл алса да, ал киши өлтүрүүнү максат кылган.


Ал жетектеген партия нааразылык жыйынын айоосуз баскан сунни өкмөтүнүн коопсуздук күчтөрүнө нааразылык билдирип, парламент отурумуна бойкот жарыялады.

Падыша Хамад ибн Иса ал-Халифа киши өлүмүнө алып келген окуяларды териштирүүгө жана реформалар жүргүзүүгө убада кылды.

Бул өлкө 1971-жылы Улуу Британиядан көз каранды эместикке жетишкен.

Ошондон бери калайыктын көпчүлүгүн түзгөн шийилер өз укуктары басмырланып жатканына даттанып келишет.

АКШнын Ак Үйүнүн басма сөз өкүлү Жэй Кэрни (Jay Carney) Перс булуңунун бул өлкөсүндөгү кырдаалга кабатырланганын шаршембидеги демонстрациянын күч менен таркатылышына чейин мындайча билдирген:

- Бахрейн, Перс булуңундагы башка бардык өлкөлөр сыяктуу эле, өз атуулдарынын жалпыга таандык укуктарын, алардын нааразылык кылууга жана өз арыз-муңун билдирүүгө болгон укуктарын кадырлоого тийиш. Алардын эки тарабы тең зомбулук аракеттерден алыс болуусу керек. Биз Бахрейндеги жана жалпы эле чөлкөмдөгү кырдаалды өтө кылдат байкоого алып жатабыз.


Бахрейндеги окуялар өткөн айдагы Тунистеги жана үстүбүздөгү айдагы Мысырдагы (Египет) элдик толкундоолор жана ыңкылаптын жеңишинен кийин бир катар арап өлкөлөрүндө дүрт алган толкундоолор жалынынын бир үзүмү болуп калды.

Йеменде...

Йемендин ордосу Санаа шаарында да бүгүн нааразылык жыйындары башталгандан бери катары менен бешинчи күнү кагылышуулар өтүүдө.

Демонстранттар президент Али Абдулла Салихтин кызматтан чегинишин талап кылышууда.

Ливияда...

Ливия Арап Жамахириясында болсо эки шаарда кагылышуу болуп, бери дегенде төрт киши набыт кеткени кабардалды.

16-февралда кечкурун Ливия Арап Жамахириясынын лидери Муаммар Каддафи сыналгыдан чыгып сүйлөдү, бирок шаршембидеги кагылышуулар тууралуу ооз ачкан жок. Тек гана “АКШнын куйруктары” жана “сионистттердин тактекелери” деп өзү атаган күчтөр “ыңкылапчыларды жеңе албайт” деп билдирди.

Европа Биримдиги Ливия бийлигин атуулдардын ой-пикирин ачык билдирүү укугун камсыз кылууга чакырды.

XS
SM
MD
LG