Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Декабрь, 2023-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:20

Березовскийдин эки яхтасы Францияда камакка алынды


Орусиялык качкын олигарх Борис Березовскийдин эки яхта-кемесин француз бийликтери камакка алды. Ницце шаарынын прокурорунун билдиришинче, наркы 20 миллион долларга бааланган эки яхта Москванын талабы боюнча камакка алынган.

Кремлдин сынчысы Борис Березовский 2000-жылы Владимир Путин бийликке келген соң Британияга чыгып кетүүгө аргасыз болгон. Ал “Аэрофлот”, “АвтоВаз” компанияларынан жүз миллиондогон акчаны уурдаган деп айыптап, сыртынан бир нече жылга кесилген. Березовский 2003-жылы Британиядан саясый баш паанек алган. Орусиянын миллиардерди өткөрүп берүү талабын Лондон четке кагып келет.

XS
SM
MD
LG