Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:50

Басылманын багын интернет ачты


"Эпоха" журналы
"Эпоха" журналы

Бүгүн бүт дүйнөдө илимий, маданий басылмалар каржылоонун жетишсиздигинен улам банкрот болуп жатат. Айрымдар элге керектүү мындай басылмаларды интернет аркылуу сактап калышууда. Алардын бири Ташкенде чыгуучу борбор азиялык илимий-полпулярдуу "Эпоха" журналы.

Бул журналдын акыркы саны Кыргызстанда быйылкы жыл Курманжан датканын жылы деп жарыялангандыгы тууралуу макала менен башталат.

«Эпоха» басылмасын ташкендик Денис Карасев археолог атасын жана анын кесиптештерин колдоо иретинде чыгара баштаган:

- Долбоор мындан үч жылча мурда пайда болгон. Бизде, Өзбекстанда окумуштууларга тарых, маданият, археология боюнча эл аралык (илимий) басылмаларда макаласын чыгарыш бир топ кыйын. Менин атам, (ред: белгилүү археолог, Владимир Карасев) муну жакшы билет. Ушуларды эске алып, биз өз журналыбызды чыгарууну чечкенбиз.

Тоолуу кыргыз айлындагы касапчы, "Эпоха" журналындагы сүрөт.
Өзбекстанда ишкердүүлүк үчүн шарттар жеңил эмес, мамлекеттик көзөмөл да күчтүү. Ушуга байланыштуу башында көп бюрократиялык кыйынчылыктар болот:

- Бир жыл бою биз журнал чыгарууга уруксат ала албай жүрдүк. Эсепсиз сандагы документтерди чогултуп, сансыз бюрократиялык тоскоолдуктардан өткөндөн кийин акыры лицензия алдык. Журналды биринчи кезекте окумуштуулар окуйт деп ойлогонбуз. Бирок журнал окумуштууларга гана эмес, чыгармачыл адамдар, көркөм өнөр, маданий ишмерлер үчүн да кызыктуу экендиги анык болду. Ошону менен, журнал таза илимий болбой, илимий-популярдык мүнөзгө ээ болуп кетти.

Баланын туулганына эмес, турганына сүйүн демекчи, ар кандай иштин оң жолго түшүшү үчүн каражат, убакыт талап этилет. Мамлекеттен же башка жактан жардам ала албаган соң, жаш ишкер басылмага өзү акча табат. «Эпохага» аларман чет өлкөлөрдө көп болуп чыгат, демек басылманы интернет аркылуу сатыш керек болот. Интернет соодасынын кеңири кулач жайышынын бир сыры сиз товар үчүн үйдө отуруп эле, кредиттик карта менен төлөп коёсуз, убараңыз да жок, убактыңыз да коробойт. Бирок Өзбекстанда дал ушундай төлөм системасы жок болуп чыгат:

- Журнал элге таанылып, аны сатып алышсын үчүн, аны жок дегенде 1-2 жыл (кирешесиз болсо да) чыгарып туруш керек болду. Ошондуктан, биз атам экөөбүз өз каражатыбыздын эсебинен журналды сактап турууга аракеттендик. Карыз алдык. Бир жылдан кийин биз чет өлкөлөрдө биздин журналды жазылып, алып турууга кызыкдар бир топ кишилер бар экенине көзүбүз жетти. Бирок Өзбекстанда интернет аркылуу эл аралык төлөмдөргө уруксат берилбейт. Башкача айтканда, Өзбекстанда эл аралык төлөм системалардан бири да иштебейт.

Тажик айлындагы нан жапкан аял, "Эпоха" журналынан сүрөт
Акылдуудан амал качып кутулбайт демекчи, Денис бул кыйчалыштан да жол табат:

- Бир жолу кандайдыр бир айла табууга аракеттендик. Өзбекстандын Борбордук Банкына «өлкөгө валюта алып келебиз, Борбор Азиянын, анын ичинде Өзбекстандын тарыхын, маданиятын дүйнөгө таанытабыз» деп түшүндүрдүк. Бирок бизге эч ким эч кандай уруксат берген жок. Айлабыз кеткенде, чет өлкөдө (Шейшел аралдарында) ишкана ачып, журналды ошол чет элдик ишканабыздын канаты астында чыгара баштадык.

Журнал чыгарууну улантыш үчүн Денис азыр интернеттен борбор азиялык кол өнөрчүлүк буюмдарын сата баштады:

- Азыр эки жол бар. Интернетте азыр онлайн дүкөнү centralasian.com сайтында иштеп жатат. Биз ал аркылуу Борбор Азиялык кол өнөрчүлүк буюмдарын, китептерди сатабыз. Кирешебиз көп деле эмес, бирок жыл соңуна чейин жетиштүү каражат чогултсак, 2012-жылдан баштап, басылманы өз алдыбызча, өз каражатыбызга чыгара алгыдай болсок дедик.

Бүгүнкү заманда ишкердүүлүк өзгөчө ийкемдүүлүктү талап кылат. Чет
Байыркы чопо идиштердин жанында отурган балдар, "Эпоха" журналынан сүрөт
өлкөгө интернеттен сатылган басылманы почта аркылу жибергенде аларманга ал өз баасынан бир нече эсе кымбатка түшүп калат. Ошондуктан, журнал ээлери журналдын электрондук версиясын сата башташты. Электрондук журнал кадимки журналдын өздүк баасынан 6-7-эсе арзан турат, бирок интернетте көбүрөөк сатылса, ортодогу айырма ошонун эсебинен жабылыш керек:

- Электрондук басылма үчүн эч ким көп акча төлөбөйт. Бул айтпасада түшүнүктүү. Бирок Борбор Азия боюнча мезгилдүү чыгып турган илимий, илимий-публицистикалык басылмалар өтө аз. Алардын ичинен тандалмалары жокко эсе. Ошондуктан, аз да болсо, эл төлөйт деп ойлойбуз, анткени кызыгуу күчтүү. Мисалы азыр биздин журналды ПДФ файл түрүндө centralasian.com сайтынан болгону 1 (бир) долларга сатып ала аласыз. Бул дигиталдык журнал болгону менен, 120 беттен турат. Ал кадимки журналдан электрондук болгону менен гана айырмаланат!

Интернет бизнесин мыкты өздөштүрүп алган Денис Карасев бирок илимий-маданий маалыматты элге дээрлик бекер жеткирүү максатынан тая элек:

Куранды кооздоп жаткан бала, "Эпоха" журналынан сүрөт
- Биздин сайтка аябая көп санда кишилер кирип турмайынча, интернет-рекламадан кирешеге ишенген болбойт. Маалыматты акчага сатуу идеясынын да өз орду бар. Мындай мүмкүнчүлүктөн пайдаланыш керек. Бирок бул журнал башынан эле ага өзгөчө таңсык болгондорго арналган болчу. Ошондуктан биз аны иш жүзүндө бекер болушун каалайбыз. Эл аны окуп, маалымат ала алгыдай болуш керек. Ошондуктан, азыр кадимки журналдын да абдан арзан болушу үчүн финансылык план түзүп жатабыз. Бирок бул максатыбыз 2011-жылдын этегине карата гана ишке ашышы мүмкүн.

Борбор Азияда интернет өзү анча кеңири жайыла элек болгондуктан, андагы соода да азырынча солгун, бирок англис тилин мыкты билген, эл аралык маркетингди, башкача айтканда, өз товарын дүйнөгө таанытуунун ыкмаларын өздөштүрүп алган Денис бала-чакасын да багып, атасына да каралашып, ошол эле убакта агартуучулукту да колдосом деген идеалисттик максатын аздап ишке ашырып келатат.



Орус тилинде чыгуучу Эпоха журналын centralasian.com сайтынан көрсөңүз болот.

Денис Карасев менен сүрөттүү маекти бул жерден көрүңүз (орус тилинде): http://www.azattyk.org/soundslide/998.html

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG