Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:36

Казак соту өзбек качкындарына баш калканч берүүдөн баш тартты


"Азаттыктын" Казак кызматы билдиргендей, Алматынын шаардык соту Ойбек Кулдошев, Кобилжон Курнабов, Бахриддин Нуриллаев жана Бахтиор Нуриллаевге саясий баш калканч бербөө менен катар, аларды Казакстандын аймагында калтырбоо тууралуу өкүм кылды. Төртөө Алматыдагы убактылуу камак жайында дагы башка 25 өзбек жараны менен кошо кармалып турат. Алар Казакстанда былтыр жайда үй-бүлө мүчөлөрү менен качып келгенден бери камакта отурушат. Аларга Өзбекстанда экстремисттик жана террористтик айыптар коюлган. Бирок алар катардагы мусулмандык парзын аткарганы үчүн гана куугунтукка кабылганын айтып келишет. Камактагылардын аялдары менен адвокаттар 22-февралда сотко алардын Өзбекстанда түрмөдө ур-токмокко алынып, кыйналганы тууралуу медициналык көрсөтмөлөрдү алып келишти. Сот Елизавета Бенжанова бул көрсөтмөлөр түпкү нуска эмес, көчүрмө болгону үчүн аларды ишке тиркөөдөн баш тартты.

XS
SM
MD
LG