Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:51

Ливияда саясий кризис уланууда


Муаммар Каддафинин режими анын 40 жылдык бийлигине каршы элдик толкундоолорду айоосуз басканына байланыштуу БУУнун Коопсуздук Кеңеши бүгүн (25-февралда) кечинде Ливияга каршы санкция киргизүү мүмкүндүгүн карайт.

Ал эми БУУнун Адам укугу боюнча кеңеши бүгүнкү атайын сессиясында Ливияны Кеңештен чыгаруу маселесин талкуулайт. Берегидей чараны АКШ колдоорун Мамдепартаменттин өкүлү Филип Кроули билдирди:

- Биз Ливияны БУУнун Адам укугу боюнча кеңешинен кууп чыкканды колдойбуз. Ливия өкмөтү өз элинин укуктарын бузду. Бул чараны кабыл алуу Ливия өкмөтүн камоого алууну дагы күчөтөт.

НАТОнун Брюсселдеги элчилери да бүгүн бешимден кийин Ливиядагы катаал кырдаал боюнча пикир алмашмакчы. Жыйын НАТОнун баш катчысы Андрес Фог Расмуссендин демилгеси менен өтүүдө.

XS
SM
MD
LG