Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:00

АКШ: Саудиялыктар тынч мүнөздө нааразылык билдирүүгө укуктуу


Мамлекеттик департаменттин өкүлү Филип Кроулинин билдиргенине караганда, АКШ адамдын фундаменталдык укуктарынын баарын, анын ичинде тынч жыйналуу жана ой-пикир билдирүү укугун колдойт. Америкалык расмий өкүлдүн бул сөздөрү алдында дүйнөнүн эң ири мунай экспорттоочусу болгон Сауд Аравиянын ички иштер министрлиги калкка падыша башкарган бул өлкөдө кандай демонстрация болбосун ага тыюу салынганын эскерткен. Саудияда калктын азчылыгын түзгөн жана араб өлкөлөрүндөгү элдик толкундоолорго шыктанган шийиттер соңку күндөрү өлкөнүн чыгышында нааразылык ацияларын өткөрүштү. “Facebook” сындуу социалдык сайттарда бул айда жаңы нааразылык акцияларына чыгуу, биринчисин ушул жума күнү уюштуруу чакырыктары айтылган.

XS
SM
MD
LG