Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:46

Санаа шаарында демонстрациялар уланууда


Йемендин баш калаасында бүгүн кайрадан нааразылык акциялары өтүп жатат. Өлкөнү 30 жылдан бери башкарып келаткан президент Али Абдулла Салех демонстранттардын талабына баш ийип, бийликтен кеткиси жок. Акыркы нааразылык чыгуулары барган сайын зомбулук менен коштолуп, кечээ демонстранттар менен полиция ортосундагы кагылышууларда кеминде 4 киши каза тапты. Жарадар болгон дагы бир киши бүгүн көз жумду. 12-мартта БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун Йемен өкмөтүнүн демонстранттарга каршы ашыкча күч колдонуп жатканына камтамасын билдирди.

XS
SM
MD
LG