Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:54

Ооганстандагы жарылуудан отуздан ашуун киши мерт кетти


Жарылууну жанкечти Кундуз провинциясында, армиянын кабыл алуу борборунда жасаган. Андан 36 киши каза тапкандан тышкары, 40тан ашуун киши да жаракат алды. Курмандыктардын арасында аялдар менен балдар да бар. Жардыруу үчүн талибдер жоопкер болду. Президент Хамид Карзай окуяны айыптады. Мунун алдында, 11-мартта жанкечтинин жардыруусунан Кундуздун полиция башчысы мерт кеткен эле. Соңку жылдары, талибдер кирип кеткенден бери Кундуз провинциясы да туруксуз аймакка айланды.

XS
SM
MD
LG