Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:36

“Альфа Телекомдун” жетекчилиги ачык кайрылуу таратты


MegaCom уюлдук оператору катары таанымал “Альфа Телеком” компаниясынын тышкы башкаруучусу жана башкы директорунун милдетин аткаруучу Азамат Мурзалиев баштаган компания жетекчилиги бүгүн президент Роза Отунбаевага, премьер-министр Алмазбек Атамбаевге, Жогорку Кеңештин төрагасы Акматбек Келдибековго, ички иштер министрине, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасына жана Каржы полициясынын жетекчисине ачык кайрылуу жолдошту. Кайрылуу Башкы прокуратурага багытталган эмес.

Кайрылууда 15-март күнү компаниянын мурдагы башкы директору Андрей Силич баштаган куралдуу адамдар “Альфа Телекомдун” баш кеңсесине кирип келишкени, "Башкы прокуратуранын Каржы полициясы козгогон кылмыш ишин токтоткон токтомуна таянып компанияны мыйзамсыз ээлеп алышканы" айтылат. Ошол эле маалда А.Мурзалиевдин компаниянын башкы директору экендигин тастыктаган Мамлекеттик мүлк министрлигинин буйругу күчүндө экени баса белгиленет.

Андан ары кайрылууда компания жетекчиси А.Мурзалиев А.Силичтин аракетине байланыштуу тартип коргоо органдарына арыз жазууга аргасыз болгону, ал арада Башкы прокуратура “Альфа Телекомдогу” коррупциялык схемалардын бетин ачуу иштерине тоскоол кылып атканы айтылат.

“Альфа Телекомдун” жетекчилигинин ырасташынча, Башкы прокурор Кубатбек Байболовдун жубайына таандык ишканага 400 000 доллар өлчөмүндөгү каражат мыйзамсыз түрдө которулуп кеткени аныкталган. Ошол себептүү компания жетекчилиги “Башкы прокурор К.Байболов бул иштердин бетинин ачылышына тоскоолдук кылып жатат” деп эсептешет.

Буга байланыштуу А.Мурзалиев баштаган “Альфа Телекомдун” жетекчилиги, өлкө жетекчилигине кайрылып, Орусиянын жараны А.Силичтин өкмөт дайындаган жетекчи отурган компанияны басып алуусуна карата укуктук жана саясий баа берүүсүн өтүнөт. Ошондой эле аталган компаниядан 28 миллион долларды мыйзамсыз чыгарып кетүү фактысына мамлекет жетекчилиги көңүл буруусу керектиги айтылат.

“Альфа Телекомдун” мурдагы башкы директору А.Силич болсо Башкы прокуратуранын токтомуна таянып, кылмыш иши токтотулганына байланыштуу мурдагыдай эле башкы директор бойдон калып атканын, өз аракеттеринде мыйзам бузуу жоктугун айтууда.

Башкы прокуратуранын маалымат кызматы бул айтылгандар боюнча кийинчерээк комментарий берилерин “Азаттыкка” билдирүүдө.

14-мартта Башкы прокуратура “Альфа Телеком” боюнча Каржы полициясы козгогон кылмыш ишин “бул жерде кылмыштын негиздери жок” деген жүйө менен токтотуп, А.Силич баштаган жетекчилик ошол чечимди көтөрүп келип, кечээ “Альфа Телекомдун” кеңсесин жан сакчаларынын коштоосунда ээлеген. Ал арада Каржы полициясы А.Силич баштаган адамдарга карата козголгон кылмыш иши туура болгонун айтууда. (IJz)

XS
SM
MD
LG