Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:04

Апрель окуясы боюнча соттук териштирүү башталды


Бул териштирүү Мамлекеттик жаза өтөө кызматына караштуу Жаза өтөө департаментинин залында өтүп жатат. “Азаттыктын” кабарчысы маалымдагандай, соттук ишти Аскер сотунун судьясы Дамир Оңолбеков төрагалык кылган соттук курам териштирүүдө. Ушул тапта апрель окуясы боюнча иш кайра башынан каралып, кимдин кайсы беренелер боюнча күнөөлөнүп жатканы аныкталууда. Соттук териштирүүгө качып кетти делген мурдагы баш прокурор Нурлан Турсункулов да катышууда.

Былтыр 7-апрелде өкмөт үйүнүн алдында демонстранттарга каршы ок атылып, 87 адам каза тапкан. Бийлик алмашкан соң бул окуя боюнча мурдагы президент Курманбек Бакиев жана Жаныш Бакиев, Марат Бакиев, Максим Бакиев, Мурат Суталинов, Данияр Үсөнов баштаган 28 чиновникке кылмыш иши козголгон. Иш тергелип бүткөн соң аны Бишкек гарнизондук аскер соту карай баштаган. Сот жараяны Бишкектеги спорт сарайында жүрүп, 30-ноябрдын таңында спорт сарайдын жанындагы жардыруудан соң ишти кароо белгисиз мөөнөткө жылдырылган болчу. Соттук териштирүүгө келбеген соттолуучуларга айыптары сырттан угузулган эле. (KKs)

XS
SM
MD
LG