Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:59

Апрель окуясы боюнча сот жанданды


Апрель окуясы боюнча сот жананды
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:24 0:00
Түз линк

Бишкекте 7-апрель окуясы боюнча соттук териштирүү кайра жанданып, качып кетти делген мурдагы баш прокурор Нурлан Турсункулов көрсөтмө берди.

7-апрель боюнча соттук тергөө Мамлекеттик жаза өтөө кызматына караштуу кайтаруу жана күзөтүү департаментинде өтүүдө. Аны Аскер сотунун судьясы Дамир Оңолбеков төрагалык кылган жаңы курам жүргүзүүдө. Эскерте кетсек, мурдагы сот отурумунда жабырлануучу тарап судья Бектемир Жакыпбековго ишеним көрсөтүшкөн эмес. Оңолбеков башынан эле катышуучуларды тартипке үндөдү. Соттук иш башынан каралып жаткандыктан, соттолуучулардын айыптары угузулду.

- Дагы бир жолу эскертип коёюн. Мындай кыйкырыктар болбосун. Болбосо биз соттук отурумду токтотобуз. Ошондуктан бири-бирибизди сыйлайлы.

Жабырлануучу тарап жана алардын адвокаттары соттон качып кетти делген мурдагы баш прокурор Нурлан Турсункуловду кайда жүргөнү тууралуу маалымат беришин талап кылышты.

Турсункулов: Менден кетсе кечирип койгула

Митингге чыккан элге ок аткан, жапырт өлтүрүүгө көмөктөшкөн деген айыптар коюлган Нурлан Турсункулов, мурдагы президенттин катчылыгынын башчысы Оксана Малеваная, президенттик администрациянын мурдагы жетекчиси Каныбек Жороевдер өткөн жылдын 22-ноябрында сот жараянына келишкен эмес. Андан соң алар үй-бүлөлөрү менен качып кеткени анык болгон. Мындан улам аларга издөө жарыяланып, камакка алуу боюнча сот өкүмү чыккан болчу.

Өз кезегинде Нурлан Турсункулов үй-бүлөсүнүн коопсуздугу үчүн ушундай кадамга баргандыгын, Кыргызстандагы эч бир чек арадан өтпөгөнүн билдирди.

- Мен болгону төрт ай иштептирмин. Ошол боюнча сотко катышпаганга мага тоскоолдук кылды. Болбосо мен биринчи күндөн бери тергөөдө жүрдүм. Эми аларды сиздердин алдыңыздарда Кудайга салдым. Сиздердин алдыңыздарда мен канчалык күнөөлүү болсом, ушул жерде туруп жооп бергенге даярмын. Сиздер эмне десеңиздер дагы ошого даярмын. Эгер менден кетсе кечирип койгула. Сотко менин эки өтүнүчүм бар. Ал соттун жүрүшүндө ачыкталат. Бирок чын эле Жороев менен Малеванаянын кайда экенин билбейм...

Жабырлануучулар нааразы

Жабырлануучу, “Айкөл Ала-Тоо” коомунун өкүлү Марипа Алыйкулова башынан тергөө иштери алешем жүргөнүн белгилөөдө. Жабырлануучулар өз талаптары аткарылбаса Гаага сотуна кайрылышарын, митингге чыгышарын белгиледи.

- Талаптарыбыз эле сотту жакшылап өткөрүп беришсин. Тизмелер толук такталган эмес, биздин айрым балдарыбыз эшикте калды. Эмнеге Сатыбалдиевди, Турсункуловду темир торго киргизбейт. Алар деле буйрук бергендердин катарында турган да. Талаптар аткарылбаса Гаага сотуна же дагы башка жактарга кайрылабыз го...

Баш прокурордун биринчи орун басары Рыскул Бактыбаев сот ачык-айкын болот деп ишенет.

- Коюлган айыптар боюнча соттук териштирүү жүрөт. Анан сот өзүнүн жыйынтыгын чыгарат. Бул ачык эле жараян.

Сыздаган эне

Аскер кызматкерлеринин укугун коргоо комитетинин тең төрагасы Чыңгыз Шаршебаев негизги буйрук бергендер кармалбай жатканына нааразы. Ал мурдагы УКМК жетекчиси Мурат Суталинов, мурдагы премьер-министр Данияр Үсөновдун Кыргызстанга келип-кетип жатканы тууралуу маалыматтар бар экенин билдирүүдө.

Соттолуучу Данияр Дунгановдун энеси Тукан Иманакунова:

- “Эки дөө мушташса ортодо чымын өлөт” дегендей карапайым элдер жабыркап, карапайым эл өлүп, сыздап атат. Эми милдетин, кызматын аткарат экен. Өздөрүнүн уставы болот экен. 11 баланын арасында чоңойгон бала эч убакта адам өлтүрүүгө барбайт. Жабырлануучуларга деле убал. Чырактай балдарынан айрылып отурат. Акыйкат чечим чыгарып берсе эле болду. Уулумун айынан катуу стресс болуп, рак болуп ооруп калдым.

Жабырлануучулардын адвокаты Осунбек Жамансариев соттук тергөө тартипти сактоо менен өтүп жатканын белгилеп, эч ким жолтоо болбосо кыска убакытта бүтөт деп ишенет.

- Туура алып барса ылдам эле бүтсө болот. Бирок ар кандай жолтоолор болуп атпайбы. Бир күнү ишеним көрсөтпөйм деп чыгышат, ар кандай өтүнүчтөр каралат. Бул ирет соттолуучу тарап дагы, айыпталуучу тарап дагы өздөрүн жакшы алып барды. Күлбөй, элдин кыжырын келтирбей соттогудай алып барып жатышат. Эгер ушундай уланса күнөөлөрүн далилдеп баштайт элек.

Анктен менен тыныгуу учурунда жабырлануучу тарап менен айыпталуучу тараптын жакындары кайым айтыша кетишти.

Мамлекеттик күзөт кызматынын башчысынын орун басары Нурлан Темирбаев, штаб башчысы Данияр Дунганов жана мурдагы коргоо министри Бактыбек Калыев Мамлекеттик коопсуздук кызматынын убактылуу кармоо жайында кармалууда. Ошол себептүү жабырлануучу тарап калган дагы соттолуучулардын баш коргоо чараларын өзгөртүүнү талап кылышты. Сот бул өтүнүчтү канаатандырган жок. Буга нааразы жабырлануучулар соттун жогорку бутактарына кайрыларын билдиришип, сот залынан чыгып кетишти.

Былтыр 7-апрелде өкмөт үйүнүн алдында демонстранттарга каршы ок атылып, 87 адам каза тапкан. Жүздөгөн адамдар ар кандай деңгээлде жараланышкан. Апрель окуясы боюнча соттук жараян 30-ноябрда териштирүү өтүп келген Спорт ордосунун жанындагы жарылуудан кийин токтоп турган.

7-апрель окуясы боюнча мурдагы президент Курманбек Бакиевдин жакындары менен кошо жалпысынан 28 адам айыпталууда. Булардын ичинде УКМКнын “Альфа” атайын даярдыктагы кызматынын мүчөсү, террорист деп шектелгендерди кармоо операциясында окко учкан Жеңишбек Бабараимовдун аты да атылып кетти.

Бул жолу соттук тергөөгө дагы эки иш кошулган. Булар ЖК депутаты Өмүрбек Текебаевге байланышкан “матрешкагейт” иши. Бул боюнча Жаныш Бакиевге айып коюлган. Экинчиси, “Түндүк электр” ишканасын мыйзамсыз сатылышы боюнча “Ампир групп” ишканасынын башкы директору Рустам Юнусбаев айыпталууда. Соттук жараян 23-мартта улантылмай болду.

XS
SM
MD
LG