Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:31

Кылымдар талкуусу: мусулман менен музыка


Cуфий мусулмандын диний жөрөлгөлөрү бий менен коштолот.
Cуфий мусулмандын диний жөрөлгөлөрү бий менен коштолот.

Исламга ыктаган ырчылардын көбөйүшү – дин менен музыканын байланышы тууралуу кылымдар бою уланып келаткан талкууну кызытууда.

Мехрубон Равшанды "Тажикстандагы Кэт Стивен" деп аташат. 30 жаштагы ырчы жигит тажик коомунда өтө таанымал.

Равшан исламга берилгенден кийин анын ырларынын мазмуну дагы өзгөрүп, эми жалаң гана мусулмандык диний ырларды аткарат.

Ырчылардын ислам динине ыкташы алардын кесибине дагы таасирин тийгизбей койбойт.

Маселен британиялык белгилүү ырчы - Кэт Стивенс (Cat Stevens). Тээ 1979-жылы Кэт Стивенс (төрөлгөндөгү ысымы жана тегаты - Стивен Деметр Гиоргиу, англисче - Steven Demetre Georgiou, ата-теги кипрдик гректерден болгон) чыгармачылыгы гүлдөп, музыкалык альбомдору 60 миллион нускага чейин жетип сатылып турган маалда исламды кабыл алып, ысымын Юсуф Ислам деп өзгөртүп, чыгармачылыгын дагы жаңы нукка бурат.



Бул тасмада Кэт Стивенс "Тынчтык поюзу" (Peace Train) ырын аткарып жатканы чагылдырылган (1976-жыл). Булак: YouTube.



Музыка Куранга каршыбы?

Тажикстандык Равшан сыяктуу динге оогон ырчылардын көбөйүшү – кылымдар бою келаткан Куран менен музыканын ортосундагы талкууну кызытат. Албетте, ислам дагы замандын чакырыгына жараша өзгөрүүлөргө дуушар болуп жатканын эстен чыгарбоо зарыл.

Оли Рейтов (Ole Reitov) эл аралык музыканттардын «Freemuse» уюмунун жетекчилеринин бири Ислам менен музыкага карата көз караштардын түрдүүлүгүн мындайча түшүндүрөт:

- Эгерде глобалдык алкакта карасак, "Ислам менен музыканын ортосунда эч кандай талаш-тартыш жараткан маселе жок" деген ишенимдеги музыканттардын тобу бар. Башка бир топ – айрымдар аларды радикалдар же фундаменталисттер деп дагы аташат, "музыка менен Исламдын ортосунда такыр келишпей турган маселе бар" дешет. Ал тургай андайлар Ислам бар жерде музыкага орун жок, ага тыюу салуу керек дешет. Мындай ачакей түшүнүктөрдүн келип чыгышы Куранды туура эмес түшүнгөндүктөн болууда. Куранда бул тууралуу эч нерсе айтылбайт да...

Замандын ыргагы менен жашаган дүйнөдөгү көпчүлүк мусулмандар түрдүү жанрдагы музыканы угушат, бир гана «жазылбаган эреже» - ыр исламдагы моралдык баалуулуктарга шек келтирбесе эле болду.

Учурдагы уламалар Куран менен музыка тууралуу талкууда арабча «ниййа(тун)», кыргызча «ниет» деген сөздү баса белгилеп, мусулмандардын руханий дөөлөттөрүндө музыканын дагы орду бардыгын моюнга алышат.

Аны менен катар эле азыркы жаралган ырлар, айрыкча адамдын ышкысын козгогон мүнөздөгү ырларды чектөө зарылдыгын айтышат.

Исламдын тарыхына кайрылсак, суфийлердин (сопулардын) диний жөрөлгөлөрү музыка менен бийге бай экендигин эч ким танбайт.

Ошол эле учурда өткөн кылым соңунда жарык көргөн иорданиялык аалым Мухаммед Насир ад-Дин ал-Албанинин (Muhammad Nasir ad-din аl-Albani) «Музыкалык аспаптарга тыюу» деген китебинде музыка адеп-ахлакка тескери таасир тийгизе турган фактор катары айтылат.

Исламдын ичиндеги фундаменталисттер, маселен, Ооганстандагы талиптер, музыканын бардык түрүнө тыюу салат.

Жакшы мусулман ким?

Баяныбыздын башында сөз кылынган тажикстандык Равшан Ислам динине баш-оту менен берилгенден кийин өз чыгармачылыгын жаңы нукка өзгөрткөндөрдүн бири.

- Мен ырчылыкты таштайын деп жатам. Анын себеби – ырчылар той-топурда ырдаганда жетиштүү урмат-сый деле көрбөйт. Мен эми бир коштошуу концертин берсем, анан жалаң гана диний ырларды аткара баштайм. Эми баары Кудайдын колунда деңизчи, - деген Равшан элге таанылган мурдагы ырларын Меккеге зыяратка барып келгенден кийин аткарбай калган.

Ал эми тажик музыка иликтөөчүсү Махбуб Ганжали кээ бир өнөрпоздор ислам жөнүндө ырдоого "материалдык кызыкчылыктан улам эле" өтүп жатат деген пикирде:

- Биздин ырчылар учурдагы турмуштун өтө кызуу көрүнүштөрүн ырдоого аракеттенет жана алардын айрымдары андан акча жасашат. Мындан мурда жумушсуздук көкөй кескен көйгөй болгондуктан, анда көп ырлар жаралган эле. Эми Алла менен Мухаммед пайгамбар зор мааниге ээ болуп, толгон-токой жаңы ырлар чыкканын көрүп жатабыз.

Равшан сыяктуу тажик ырчылары диний ырлары менен күйөрмандардын сүймөнчүлүгүнө ээ болуп жатса, дүйнөнүн айрым мусулман өлкөлөрүндө андай өнөрпоздор кысымга кабылууда.

Малайзияда Ирандын Боб Диланы (Bob Dylan) атыккан Мохсен Намжунун (Mohsen Namjoo) концертине «Ислам менен ыйык Курандын беделин түшүргөн» деген кине менен тыюу салынган. Сауд Аравиясы, Иран сыяктуу бир катар мусулман өлкөлөрүндө рок музыкасын ойногон топторду жертөлөлөрдө жашыруун гана угууга болот.

Учурда Кыргызстанда шоу-бизнес дүркүрөп өнүгүп, түрдүү жанрдагы музыка жаратуучулар, аткаруучулар көбөйдү.




Бул видео тасмада кыргыз ырчысы Темир Назаров мусулмандардын кудайы Аллага арналган ырын аткарууда. Булак: YouTube. Жарыяланган датасы - 2009-жылдын 29-августу.

«Миң кыял» музыкалык радиосунун жетекчиси Тынчтыкбек Кожобеков кыргыз ырчыларында, алардын чыгармачылыгында исламдын таасириндеги жаңы багыт калыптанып жатканын байкоого болоорун айтат:

- Ислам дининин таасири менен дааваттарга чыккан ырчылар дагы бар. Акындык өнөрдү аркалап, мусулманчылыкты көбүрөөк сактаган ырчыларыбыз бар.

Эстрадада жүрүп, динден таасир алып, бирок дин менен чыгармачылыгын өзүнчө алып жүргөн ырчыларыбыз бар.

Анан ырчыларбыздын көпчүлүгү намаз окууга белсенип жүрүшөт. Арасында намаз окуп кеткендери, андан кийин ырчылыгы калып калгандары дагы бар.

Жалпы эле мусулман дүйнөсүндө өз башатын кайра таануу жүрүмү (жараяны) орун алып жатканы жалпыга маалим.

Кантсе дагы «Жакшы мусулман болуу эмнени түшүндүрөт?» деген суроону музыкага карата байланыштырган талаш-тартыштын учугу узара берчүдөй.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG