Жапониянын тамак-ашынын айрым түрлөрүндө радиациянын деңгээли мурда болжолдонгондон жогору экендиги тууралуу бүгүн Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму айтып чыкты. Жогорудагыдай эскертүү жакындагы жер титирөө менен цунамиден жабыр тарткан Жапониянын Фукисима АЭСинен чыгып жаткан радиацияны көзөмөлгө алуу аракетинде жылыш бардыгы тууралуу кабарлар түшкөн учурда жасалды.
Инженерлер бүгүн аталган АЭСтин алты реакторунда да тең электр кубатын алып келе алышты. Ошондой эле реакторлордун биринде муздатуу системасын калыбына келтирүү үчүн суу насосторун иштетип башташты.
Анткен менен АЭСтен бүгүн жумушчуларды ал жердеги үчүнчү реактордун иштетилген өзөктүк отун сакталуучу кампасынын үстүнө көк түтүн уюлгуп чыккан соң көчүрүүгө туура келди. Расмий өкүлдөр учурда мунун себептери учурда иликтенип жатканын билдирүүдө.
Бул аралыкта МАГАТЭнин башчысы Юкия Амано Жапониядагы кырсык өзөктүк кубат өндүрүүдөгү коопсуздук чараларын кайра кароого түрткү берип жатканын белгилеп, жагдайды мындайча мүнөздөдү:
- Кризис чечиле элек. Фукусима АЭСиндеги кырдаал олуттуу бойдон калууда. Мындан сырткары АЭСтин айланасында булгануунун дэңгээли жогору экендиги байкалды.
Дүйнөлүк банктын эксперттеринин эсебинде, Жапонияда 11-мартта болгон жаратылыш кырсыгынын акчалай чыгымы 250 миллиард долларга барабар, анын кесепеттерин жоюу үчүн беш жылдай убакыт талап кылынат.
Жапон бийликтери кырсыктан каза тапкандардын саны 18 миң кишиден ашып кетүүсү мүмкүн деп болжолдоодо. Булардын ичинен 8 миңден ашуун адамдын өлгөндүгү ырасталды. Ал эми он үч миңдейи дайынсыз жоголду деп эсептелинүүдө.