Жүрөккө операция Өзгөн районун 49 жаштагы тургуну Бурмаш Ибрахимовага жасалды. Хирургдар оорулуунун денесинде жасалма кан айланууну камсыз кылуу жолу менен жүрөктү 18 мүнөткө токтотуп, жүрөктө өсүп кеткен 5 сантиметрлик тромбду алып чыгышты. Операцияны 21-мартта Органдарды алмаштыруу жана жүрөк хирургиясы боюнча илимий изилдөө институтунун Жалал-Абаддагы филиалынын хирургдары - Мурат Жүндүбаев, Илхом Бебезов, Аскар Ракимбаев, Эмил Көкөев жасашты.
Буга чейин Жалал-Абадда жүрөккө операция жасалчу эмес, анткени аймакта аталган институттун филиалы жана тиешелүү жабдыктар жок эле. Эми тиешелүү жабдыктар келди, Жалал-Абадда мындан ары жүрөк операциялары жасала берет, дейт дарыгерлер. (EBM)