Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:14

Чикагонун бий жаратмандары Бишкекте


АКШнын Чикаго шаарынан бий жаратмандары Бишкекке келип, бир нече бий топторунда устаттык сабак өтүп, өздөрүнүн заманбап үлгүдөгү бийлерин тартуулашты.

АКШнын Чикаго шаарынан бий чеберлери (The Moving Architects) Бишкекке келип, шаардагы бий топтору менен жолугушуп, заманбап бийлерди бийлөө ыкмаларын, Америкада колдонуучу бий көнүгүүлөрүн үйрөтүп, кыргыздардын улуттук жана классикалык бийлери менен таанышты.

Бий тобунун жетекчиси Эн Калонеун Кыргызстандагы бий өнөрүн сүйүүчүлөргө алардын жаш курагына карабастан бийдин көнүгүүлөрүн көрсөтүп, өздөрүнүн тажрыйбаларын тең бөлүшкөнү келгенин айтты.

- Биз Кыргызстандагы АКШнын элчилигинин чакыруусу менен келдик. Биздин максат окуу жайларда бий үлгүлөрүн көрсөтүп, бул жактагы бий өнөрүн жакшы көргөн ар түрдүү курактагы адамдарга устаттык сабактарды өтүү болчу. Биз Кыргызстандагы бий топтору менен жолугушканда алардын ийкемдүү кыймылына күбө болуп, абдан жакшы бийлегенин көрдүк.

Эн Калонеун
Эн Калонеундун айтымында, Кыргызстандагы бийчилер Тажикстандагы бийчилерге караганда ийкемдүү кыймылы менен айырмаланышат экен.

Чикагодон келген бул бий тобунун курамында 5 бийчи бар. Алар 18-марттан бери Сокулуктун Шопоков шаарчасындагы №1 гимназияда, Ош облусунун Кара-Суу районундагы Шарк айылындагы мектепте, Бишкектеги Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайында жана жетим балдар үйүндө бий кыймылдарын көрсөтүп, устаттык сабак өтүштү.

Бул иш-чаранын максаты тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин маданият боюнча атташеси Лоран Терлазе буларга токтолду.

- Биз Американын маданиятын кыргыз элине көрсөтөлү деген оюбуз менен АКШнын Чикаго шаарынан The Moving Architects деген бий тобун чакырганбыз. Ушундай иш-чаралар Кыргызстан менен АКШ элинин ортосундагы достук байланышын күчөтөт деп ойлойбуз.

Лоран Терлазе
Чикагодон келген бийчилер тобу жалаң эле бий менен чектелбестен, кыргыздын салттуу музыкалык искусствосу менен таанышканын АКШ элчилигинин маданият боюнча атташесинин орун басары Камила Кожакметова билдирди.

- Кыргызстандагы белгилүү музыкант Нурлан Нышанов менен америкалык бийчилер жолугушту. Нышанов баш болгон музыканттар кыргыздын салттуу музыкаларын улуттук аспаптарда ойноп беришти. Америкадан келген бийчилерге кыргыз музыкасы аябай жакты. Анан булар кыргыздын музыкасына бий койобуз дешти.

Чикагодон келген бийчилердин көрсөткөн машыгуулары жаңылык деле эмес экендигин билдирген кыргызстандык жаш бийчи Нурлан жергиликтүү бийчилер океандын ары жагынан келген бийчилерге караганда кыйла жакшы бийлешерин жана жаңы бийдин үлгүлөрүн интернет аркылуу үйрөнүшөрүн айтты.

Ал ошондой эле кыргыздардын фольклорун АКШда тааныштырып, чыгармачыл топторду Америкага алып барып, жолгушууларды өткөрүп, концерттик программаларды тартууласа кыйла натыйжа берерин белгиледи.

Чикагодон келген бий жаратмандары 22-мартта өздөрүнүн өнөрүн өспүрүмдөрдүн "Сейтек" борборунда тартуулашты.
XS
SM
MD
LG