Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:28

Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 15 млн. доллар бөлүү ниетин билдирди


Дүйнөлүк банк Бишкектин тегерегиндеги жаңы конуштардагы суу түтүктөрүн оңдоого жана суу тоскуч курууга көмөктөшүү үчүн 15 млн. доллар бөлүү ниетин билдирген. Бул тууралуу Бишкек шаарынын вице-мэри Төрөбек Имашев 4-майда маалымат жыйында билдирди.

Имашевдин айтымында, Бишкекте Башкара-Суу суу тосмосу курулса, шаардыктардын түштүк-батыш тарабы суу менен камсыз болмок.

Дүйнөлүк банк берген каражаттын биринчи бөлүгүнө экологиялык экспертиза жүргүзүлгөн. Ал эми калган бөлүгү Ак-Өргө, Ак-Ордо, Жал, Селекция жана Орок жаңы конуштарындагы суу түтүктөр оңдолот.

Маалыматка ылайык, Дүйнөлүк банк бөлүп бере турган каражаттын 50% грант, 50% узак мөөнөттүү насыя түрүндө берүүдө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG