Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:29

Сабалган журналисттин ишин иликтөөнү президент өз көзөмөлүнө алды


Ош шаарында 1-май күнү кечки саат 7лер чамасында “Интерфакс” маалымат агенттигинин жергиликтүү кабарчысы Жылдыз Бекбаеваны белгисиз төрт адам үйүнүн жанынан сабап кетишкен. Буга байланыштуу ишти иликтөөнү президент Роза Отунбаева өз көзөмөлүнө алгандыгын президенттин маалымат кызматы билдирүүдө.

“Республиканын тартип коргоо органдары бул окуяны сапаттуу иликтөө үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрүн жумшап, күнөөлүүлөр мыйзамдын талабына ылайык жазасын алышы керек”, – деп жазылат президенттин маалымат кызматы тараткан билдирүүдө.

Аталган факт боюнча учурда кылмыш иши козголуп, окуянын журналисттин кесибине байланышы териштирилип жатат. Журналист Бекбаеванын айтымында, ага төрт адам: эки эркек, эки аял кол салган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG