Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:15

Эне-бала өлүмү 30 пайыздай азайганы айтылууда


10-майда Бишкектеги перинаталдык борбордо кош бойлуу айымдарды төрөткө даярдоо жана дарыгерлерди окутуу мектеби ачылат. Иш-чарага саламаттыкты сактоо министри, ЮСАИДдин өкүлдөрү катышмакчы. Кош бойлууларга кам көрүү долбоорун ЮСАИД каржылап жатат. Аталган эл аралык уюм 2006-жылдан бери Саламаттыкты сактоо министрлиги менен биргеликте Кыргызстандагы төрөт үйлөрүндө кам көрүүнү жакшыртууну колго алып келет. Бул программа эне-баланын өлүмүн азайтууга багытталган. Саламаттыкты сактоо министрлигинин билдиришинче, 2010-жылы эне менен ымыркайдын өлүмү 33,7 пайызга азайды. (EBM)

XS
SM
MD
LG