Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:06

Талиптер кайра Ооган полициясына чабуул койду


Талиптер Ооганстандын түндүк чыгышындагы Нуристан провинциясындагы полициянын базасына чабуул жасашты. Провинциянын полиция акими Азиз Рахман Зариндин билдиришинче, согушчандар аймак борбору Парундун четиндеги базага 10-майда таң эрте кол салып, уруш алиге жүрүп жатат. Бийликтер жергиликтүү эл полицияга көмөктөшүп жатканын билдирди.

Нуристан провинциясынын Пакистанга чектеш бу бөлүгүндө НАТОнун жана Ооган армиясынын саналуу гана аскери бар. Эки күн мурда талиптер түштүктөгү Кандагар шаарындагы өкмөттүк мекемелерге кол салып, уруш 30 сааттан узакка созулган.

XS
SM
MD
LG