Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:51

АКШ жана Кытай диалог курууда


Вашингтондогу сүйлөшүүнүн катышуучулары.
Вашингтондогу сүйлөшүүнүн катышуучулары.

Вашингтондо АКШ менен Кытайдын жогорку даражалуу расмий өкүлдөрүнүн экономика, адам укуктары, тышкы саясаттын маселелери боюнча эки күндүк сүйлөшүүлөрү өтүүдө. АКШнын Кытай менен соодадагы эбегейсиз таңкыстыгы, Бээжиндин талаштуу акча саясаты жана Кытайда адам укуктарынын начарлашы бул сүйлөшүүлөрдө үстөмдүк кылуучу темалардан.

АКШ Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон Вашингтон менен Бээжиндин стратегиялык жана экономикалык диалог деген ат менен жыл сайын өтүүчү жыйынынын бул жолку ачылышында сүйлөп жатып, чатакташканга караганда, кызматташтыктан эки тарап тең көбүрөөк пайда табарын белгиледи:

- Биздин өлкөдө айрымдар Кытайдын прогресси АКШ үчүн коркунуч деп эсептешет. Айрымдар Кытайда Америка Кытайдын өсүшүн токтотууну көздөп жатат деп санашат. Биз бул эки көз карашты тең четке кагабыз.

Соода таңкыстыгы жана Кытай акчасынын наркы

Президент Барак Обаманын администрациясы Кытай менен окшош кызыкчылыктар үстүндө биргелешип иштөөнү убада кылганы менен бул жеңил болчудай эмес. Анткени эки тараптуу алакаларда талылуу маселелер бир топ.

Алсак экономикада Кытай былтыр улуттук акчасы – юандын наркы бир аз көтөрүлүшүнө жол бергени менен америкалык өндүрүшчүлөрдүн пикиринде, ал азыр деле 40%га арзан бааланууда. АКШда жумушчу орундардын кыскарышына салым кошкон бул саясаттан улам америкалык өндүрүшчүлөр эгер Кытай өзгөрүүлөрдү жасабаса, Конгресс Бээжинге каршы экономикалык санкция киргизүүсү керек деп эсептешет.

Америкалык расмий өкүлдөр ошондой эле Кытай президенти Ху Цзиньтао январда Вашингтондогу визити учурунда экономикалык багытта алган милдеттемелер, анын ичинде компьютерлик программалардын уурдалышына каршы биргелешип күрөшүү, америкалык компаниялардын Кытай өкмөтүнүн долбоорлорун алып, аткаруу мүмкүнчүлүгүн чектеген саясатты өзгөртүү өңдүү убадалар аткарыла баштоосун көргүлөрү келишерин айтышкан.

АКШнын каржы министри Тимоти Гейтнер мындай дейт:

- Акыркы отуз жылдагы мыкты реформаларга таянуу менен Кытай үчүн маселе азыр ички керектөөгө, рыноктук күчтөрдүн таасири астында жылган ийкемдүү алмашуу курсуна, ачыктыгы көбүрөөк рыноктук экономикага, өнүккөн жана ар түркүн каржылык системага негизденген жаңы өсүштүн үлгүсүн жаратууда турат.

Кытайлык делегациясынын жетекчиси, өкмөттүн вице-премьери, экономикалык саясатты тейлеген Ван Цишань болсо экономиканы дагы ачыгыраак кылуу бир түндө эле ишке аша калбасын белгилеп, Вашингтонду соода маселелерин саясатташтырбоого чакырды.

АКШын Кытай менен соодадагы таңкыстыгы былтыр рекорддук чекке чыгып, 273 миллиард долларды түзгөн. Башкача айтканда, Кытай АКШга ушунча суммага товарды көп саткан.

Бээжиндин экономикадагы тынчыздануусу

Ал эми Бээжиндин негизги тынчыздануусу АКШ Конгрессиндеги талкуулар. Ал жерде өкмөттүн карызынын көлөмүн буга чейин белгиленген чек 14,3 триллион доллардан көбөйтүү керекпи же жокпу деген маселе каралууда. АКШнын өкмөтү жогорудагы чекке саналуу апта ичинде жеткени турат. Атүгүл АКШнын каржы министри Тимоти Гейтнер эгер каржы министрлигине дагы карыз алууга укук берилбесе, кризис чыгарын, анын ичинде насыялар төлөнбөй дефолт башталышы мүмкүндүгүн эскерткен.

Кытай - АКШнын эң ири тышкы кредитору. Андыктан Бээжин Вашингтон АКШнын каржы министрлигинин анын колунда турган, наркы 1,2 триллион доллардык баалуу кагаздары үчүн үстөк төлөө улантылары кепилденишин көздөйт.

Адам укуктары

АКШ болсо сүйлөшүүлөрдө өз тарабынан экономикадан тышкары адам укуктары маселесин да көтөрүүнү мерчемдеген.

Вице-президент Жо Байден сүйлөшүүлөрдүн башында белгилегендей, Вашингтон менен Бээжиндин ортосунда бул маселе боюнча олуттуу пикир келишпестиктер бар. Ал камалган активисттердин, укук коргоочулардын, журналисттердин, сүрөтчүлөрдүн, блогерлердин иштерин көтөрүүнү убада кылды.

АКШнын кээ бир мыйзамгерлери менен адам укугун коргоочулар Обама администрациясын Кытай менен мамиледе адам укуктарына артыкчылык берүүгө чакырган.

Укук коргоочу уюмдардын айтымында, кытай өкмөтү азыр башкача ойлонгондорго каршы эң ири өнөктүктү жүргүзүүдө. Бул Жакынкы Чыгыш менен Түндүк Африканы каптаган элдик ыңкылаптар кытайлыктарды да толкундоого шыктандырбашын кепилдөө үчүн жасалып жаткандай. Акыркы айларда бийликтер ондогон активисттерди, анын ичинде дүйнөгө белгилүү сүрөтчү Ай Вэйвэйди камакка алышты. Сүрөтчүнүн ачык айтылган сындарына бийликтер мурда аргасыздан чыдап келишкен эле.

АКШ Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтондун сөздөрүнө караганда, адам укуктарын көбүрөөк урматтоо Кытайдын өзү үчүн эле пайдалуу.

- Адамдар, анын ичинде коом кызыккан адвокаттар, жазуучулар, сүрөтчүлөр, башкалар кармалып же жоголуп кеткени жөнүндө маалыматтарды алуудабыз. Биз адам укуктарын коргоо жаатында иштеген коом гүлдөп өнүгөрү, стабилдүү жана жолдуу болору жөнүндө узун тарыхты билебиз.

Дай Бинго

Ал эми Кытайдын мамлекеттик кеңешинин мүчөсү Дай Бинго Бээжин адам укуктары жаатында жылыш жасап жатканына токтолуп, америкалыктарды "кытай элинин достугун" жана "чыныгы Кытай кандай экендигин" көрүү үчүн мекенине келүүгө үндөдү.

Тышкы саясат

Тышкы саясаттын маселелеринен болсо Мамлекеттик катчы Клинтондун айтымында, АКШ Иран менен Түндүк Кореянын өзөктүк программасына каршы турууда Кытайдын колдоосун алууну көздөйт. Былтыр июлда БУУнун Коопсуздук кеңеши Иранга каршы санкциялардын төртүнчү айлампасын киргизгенде, Вашингтон Кытайдын колдоосуна кыйындык менен жетишкен.

Стратегиялык жана экономикалык диалогго быйыл биринчи ирет эки тараптан тең аскерий лидерлер да кошулду. Алардын катышуусу сүйлөшүүлөргө кошумча АКШ Тайванга курал сатуусунан улам былтыр чыңалган кырдаалдын жумшарышына салым кошууну да көздөйт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG