Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:00

Пакистан бин Ладендин аялдарын америкалыктарга кезиктирди


АКШнын чалгынчыларына Усама бин Ладендин аялдары менен кездешүүгө Пакистандын коопсуздук күчтөрү уруксат бергени маалымдалды. Си-Эн-Эн телеканалынын 13-майда билдиришинче, америкалык чалгынчылар бин Ладендин үч аялын Пакистандын чалгындоо кызматтарынын көз алдында сурак кылган. Си-Эн-Эндин АКШ жана Пакистан бийликтерине шилтеп кабарлашынча, аялдар АКШлык агенттерди жек көргөнүн ачыктан ачык көрсөтүшкөн жана сурак эч кандай кошумча маалымат берген эмес.

Бин Ладенди АКШлык атайын күчтөр 2-майда Пакистанда өлтүргөндөн кийин Вашингтон менен Исламабаддын мамилеси кескин осолдоп кеткен.
Пакистан обол америкалыктарга бин Ладендин аялдары менен кездешүүгө уруксат бербей койгон. “Ал-Кайиданын” лидеринин үч аялынын экөө Саудиядан, бирөө Йеменден.

XS
SM
MD
LG