Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Сентябрь, 2023-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:03

Расмий Пакистан НАТОго нааразылык билдирди


Пакистандын Коргоо министрлиги Ооганстан менен чектеш аймакта НАТОнун эки тик учмасы Пакистан аскерлерин абадан аткылады деп расмий билдирди.
Маалыматка караганда тик учмалар Пакистан аймагына кирген эмес, бирок, чегара тосмого өтө чукул келгендиктен, Пакистан аскерлери эскертүүчү ок чыгарышкан. НАТО тик учмасынын ага жооп кылып аткан огунан эки аскер жарат алган.
НАТО командачылыгы окуяны иликтей тургандыгын билдирди. Талдоочулар болсо бул окуя Исламабад-Вашингтон мамилесин татаалдаштырышы мүмкүн деп жатышат. Усама Бин Ладенге каршы атайын операциядан кийин бул эки тараптын мамилеси салкындай түшкөн.

XS
SM
MD
LG