Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:48

Таласта Ө.Абдрахмановдун депутаттыктан кетишин талап кылышууда


Бул тууралуу “Азаттыкка” Талас шаарынын мэри Серен Шейшенов кабарлады. Анын айтымында, буга депутаттын “Манас” эпосундагы баш каарман Манас баатырды кемсинткендиги себеп болгон.

“Жыйынга 77 адам катышты. Алар Абдрахмановдун депутаттыктан кетишин жана айткан сөзү үчүн Таластагы "Манас-Ордого" келип, кечирим сурашын талап кылышты”, дейт мэр Шейшенов.

Жогорку Кеңеште "Ата Мекен" фракциясынан депутат Өмүрбек Абдрахманов Манас тууралуу эч качан терс пикирлерди айтпаганын "Азаттыкка" билдирди.

“Манас – бул кыргыз элинин, улуттук сыймыгы жана бийик туусу. Мунун баары Бабановдун уюштуруп жаткан иштери”, дейт депутат. (MTo)

XS
SM
MD
LG